Фото – Баткенде жаш өспүрүмдөрдү курал менен коркутуп, ок чыгарган 27 жаштагы жаран атасы менен кошо кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районунун милициясы жашы жете элек балдарды мылтык менен коркутуп, буттарынын астына ок чыгарган 27 жаштагы жаранды кармашты. Бул тууралуу 15-майда Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди

Такталгандай, милицияга Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында 27 жаштагы жергиликтүү тургун К.Р. көчөдөгү төрт жашы жете элек баланын жанына келип, аларды ок атуучу курал менен коркутуп, буттарын көздөй 2 жолу ок атып, качып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бактыга жараша, жаш балдар жаракат алган эмес.

Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 145-б. 1-б. (өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Кадамжай райондук сотунун 10-майдагы чечимине ылайык, 27 жаштагы К.Р. жашаган үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Анын 59 жаштагы атасы документи жок 16 калибрдүү ок атуучу куралды өз ыктыяры менен тапшырып берген. Андан сырткары, сарайды тинтигенде ак мүшөккө оролгон дагы бир ок атуучу курал табылган. Мындан сырткары араб алфавитинде жазылган китептер жана дептерлер, муздак курал катары эсептелген коргошундан жасалган колго кийилүүчү кастет табылган.

Тинтүү маалында К.Р.дин 57 жаштагы апасы Ш.М. милиция кызматкерлерин кемсинтип, бир нече жолу жыгач таяк менен да уруп жиберген. Бул факты КРнын Жазык кодексинин 355-б. 1-б. (бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Ал эми курал сактоо боюнча Жазык кодексинин 253-беренесинин 1-бөлүгү (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен иликтөө башталды.

Тинтүүнүн жыйынтыгында, 27 жаштагы К.Р. жана анын атасы 59 жаштагы К.Ш. кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *