Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Фото — Базар-Коргондо жугуштуу илдеттин алдын алуу иштери жүрүүдө
КООМ

Фото – Базар-Коргондо жугуштуу илдеттин алдын алуу иштери жүрүүдө

Базар-Коргон РИИБдин өздүк курамы тарабынан коронавирус илдетинин алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, район аймагында COVID-19 инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча райондук ыкчам штабдын мүчөлөрү менен бирге түшүндүрүү иштери алып барылып жатат.

Жугуштуу оорунун калктын арасында жайылып кетүүсүн болтурбооо максатында 1 базар жана 10 чоң соода түйүндөрүнүн санитардык эрежелери текшерилген.

Кечээ, 12-октябрь күнү райондук санэпидстанция кызматкерлери тарабынан Базар-Коргондун борбордук базары толугу менен дезинфекциядан өткөрүлгөн.

Ошондой эле 7 соода борборлорунда жана 12 майда соода дүкөндөрүндө дезинфекция иштери жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары милициянын көчмө кабылдамасы унаасы менен кызматкерлер калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

К.Бегимкулов көчөсүндө жайгашкан көп кабатуу үйлөрдүн тургундарына айыл башчы менен биргеликте санитардык нормалардын сакталышы эскертилген.

Жарандарга жеке гигиенаны сактоосу жана тиешелүү медициналык каражаттарды жанына алып жүрүү зарылдыгы жеткирилди.

 

 

Тажик журналисти Фейсбуктагы пикири үчүн ИИМге чакырылды

Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүү үчүн Польшадан медициналык кызматкерлер келди

Салижан Жигитовдун 80 жылдыгына карата – “Улуулук өлбөйт! Түбөлүк жүрөктө жашайт!”