Фото – Бишкекте кинорежиссер Болот Шамшиевди эскерүү кечеси өттү

Бишкекте кинорежиссер Болот Шамшиевди эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү кинорежиссер “Кыргыз кино кереметин” жаратуучулардын бири, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы “Манас” ордени жана башка сыйлыктардын ээси Болот Шамшиев 80 жашка чыкмак. Бул датага ылайык, 12-январда А. Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында Болот Шамшиевдин “Баатыр жүрөк Кааба” китебинин бет ачаар аземи өттү.

Ага Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Илязбек Балташев катышып, куттукттоо сөз сүйлөп, чыгаан режиссердун басып өткөн жолуна токтолду.

Иш – чарага Болот Шамшиевдин үй-бүлөөсү, кесиптештери жана коомдук- маданий ишмерлер катышты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *