Фото – Бишкекте “Нават” чайханасы өрттөнүп жатат

Бүгүн, 11-январь күнү Бишкек шаарындагы “Нават” чайханасынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкектеги Свердлов районундагы Ибраимов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Нават” чайханасынан өрт чыккан.

“Өрттү өчүрүүгө саат 11:52де жалпы 2 бөлүм тартылып, 12:22де чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет” – деп айтылат билдирүүдө.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *