Фото – Бүгүн “Азаттык” радиосунун незидөөчүсү Азамат Алтай 100 жашка чыкмак

15-сентябрда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматынын негиздөөчүсү, кыргыздын чыгаан журналисти, публицист жана коомдук ишмери Азамат Алтайдын көзү тирүү болгондо быйыл 100 жашка чыкмак.

Тилекке каршы жүз жылдык мааракеси учурдагы пандемия дартынын кесепетинен улам кеңири масштабда белгиленбей калды. Ошондой болсо дагы аны эскерүүгө арналган онлайн байланышы аркылуу иш-чаралар өткөрүлгөнү жатат.

Кудайберген Кожомбердиев Азамат Алтай деп аты-жөнүн АКШга барганда которгон. Азамат деп эл-журтуна берилгендигин, Алтай деп түрк тилдүү калктан экендигин билдирген.
Ал аскерге Улуу Ата мекендик согуштун алдында чакырылган. Согушка даярдык башталганын кийин Каунас шаарында аскердик атайын окуудан өтүп жаткан кезинде түшүнгөн. Бул тууралуу анын жээни, “Азамат Алтай” эл аралык кайрымдуулук фондунун жетекчиси Тойчубек Тургамбаев мындайча эскерет:
Согуш башталардын алдында Тоңдогу апамдарга сүрөтүн жибериптир. Ошол сүрөтүнүн артына “эй, Манжы бул мен эмес, менин көлөкөмдүн элеси. Ак кагазга тартылган асыл жандын денеси. Муну жоготпой сактагын, азыр биз кыйын эле турмушта турабыз” деп жазыптыр. Ал кандай турмуш экенин чынында да билишкен, баамдашкан эмес экен. Көрсө Азамат Алтай каардуу согуштун болоорун акыл-эси менен ошондо эле туюнган экен да.  Ал түгүл 2005-жылы ыңкылап болбой эле бийлик гана алмашуу болгонун айтып, сынга алган эле. Быйыл 100 жылдык мааракесине карата Нью-Йорктогу үйүндө чет өлкөлүк мекендештерин чогултуп, Азамат Алтайдын музейин ачып, үйүнүн короосуна кыргыздын боз үйүн тигип, түндүгүнөн Кыргыз желегин желбиретели деп тилек кылып, даярдык көрдүк эле. Тилекке каршы дүйнө жүзүн беймаза кылган илдеттин айынан ойлогон ой-тилектерибиз ишке ашпай калды. Атайын Тоң районундагы кол өнөрчүлөрдөн мыкты боз үй сатып алып,  жасалгасы менен даярдап АКШга жөнөткөнү жаткан элем.

Бирок Ысык-Көлдүн жээгинен 1940-жылы узаган тоңдук боз улан мекенинен аргасыз түбөлүк бөлүнүп каларын сезбесе керек. Өзү көзү тирүүсүндө  «Азаттыкка» курган маегинде маркум Азамат Алтай бакытка ошончо жылдан бери бир ирет гана жолукканын айтканы бар:
– Жок, бактылуумун деп эсептебейм. Бакыт мага келбеди. Бакытты бир көрдүм, ушу элүү беш жылдан кийин Кыргызстанга барып, Ысык-Көлдү көргөнүм, Караколдо, Жалал-Абадда болгондорум бактылуу күндөрүм болду. Ал учурда учуп гана жүрдүм. Акылымда эч нерсе жок. Кимди көрдүм? Эмне сүйлөштүм?
Азамат Алтай мекенин жүрөгүнүн толтосунда сактады, бирок сөөгүн мекенине жеткирүү суранычынан кайтууга аргасыз болду. Ага байбичесинин өзүнөн мурда дүйнө салышы себеп болгон эле. Сөөгү океандын ары жагында Нью-Йорк шаарында коюлганы менен, ага мурда аманат катары алынып коюлган кыргыздын топурагын жамынды.
Азамат Алтайды жакындан таанып, ага-инидей болуп калган “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматынын мурдакы жетекчиси, тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин мындайча эскерет:
– Өмүрүнүн эң акыркы мүнөтүнө чейин, көз ирмеминин эң акырына чейин ал кыргыз элинин келечеги, жаркын болочогу үчүн, биздин болочок урпактардын жаркын турмушу үчүн калыстыктын символу болуп жашап келди.  Азамат Алтай деген кыргыздын тарыхында  мекенчилдик сезими менен калган улуу инсан. Мекенин сагынып, алыста жүрсө да “кыргызга сөз тийип калбасын, кыргыз деген ушундай калк тура деген пикир болбосун” деп, ар дайым намысты туу тутуп, “кыргыздын касиетин, наркын кемитпейин,кыргыз үчүн жанымды курман кылууга даярмын” дегени эле, анын кандай парасаттуу, нарктуу инсан экенин айтып турбайбы! Аны кеңеш доорунда канчалык жамандап, эл душманы деген жалаа жаппасын, ким экени кийин гана даана билинбедиби.  Тагдырдын буйругу менен согуш маалында туткунга түшүп калган Кожомбердиев сталиндик тоталитардык замандын запкысынан айбыгып, мекенине кайтпай калганы менен Кыргызстандын эгемендүүлүгү үчүн чындыкты айтып турганы эле эрдик болчу.
Кудайберген Кожомбердиев совет доорунда чыккынчы аталып, анын арты менен айылдаштарынын, жакындарынын, санаалаштарынын далайы куугунтукталып, ишмердүүлүгүнө, өмүрүнө зак кеткен.
Азамат Алтай өзү болсо эгемен өлкөлөрдө жашап жүрүп, Германияга, АКШга каттаган кыргызстандык маданият ишмерлери менен жолугууну эңсеп турса да, атайын кызматтар ага мүмкүндүк бербей колго түшүрүү үчүн аңдып жүрүшкөнүн өзү айтканы бар.
Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Кеңеш Жусупов маркум Азамат Алтайды калыстыктын символу катары айтып, анын ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн радиожурналисттер үчүн Азамат Алтай сыйлыгын уюштуруунун зарылдыгын белгиледи.
– Совет доорунун бүт кемчиликтерин Азамат Алтай бетке айтты. Көзүбүздү ачты. Туз-насип буйруп, 1997-жылы АКШга барып, Азамат Алтайга кезигип, үч-төрт саат аңгемелешкен элек. Азамат Алтай жөн эле кыргызды жакшылап мактай бербей кыргыздын рух дөөлөттөрүн, маданиятын, тарыхын бөлөк элдерге таратып, жайылтып келген. Америкада жашап жүрүп, кыргыз акын-жазуучуларынын жүздөгөн китептерин алдырып, 5 миңдей китептен турган өздүк китепкана түзгөн. “Ала-Тоо” журналын, “Кыргызстан маданияты” гезиттерин Америкага алдырып, атайын булгаары менен көктөтүп, киийн Жалал-Абад Университетине белек катары жөнөткөн. Көптөгөн эмгектерине учурунда өзүнүн аты жазылбай калган. Эгерде радиожурналистикасына конкурс уюштуруп, ошол кишинин атындагы бир сыйлыктарды уюштурса эмне үчүн болбосун. 100 жылдык мааракесине карата Бишкектин бир көчөсүнө атын ыйгарып, музей уюштуруп, Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын бириндеги мектепке ысымын ыйгарса дурус болмок эле.

Согуш туткундарына советтик ырайымсыз мамилени угуп, аргасыз Батыш Европада калган Азамат Алтай Батыштын чыгыш таануучу илимпоздору менен кызматташып, Борбор Азия элдеринин тилдериндеги басма сөз маалыматтарын илимий чөйрөгө киргизүүгө чоң салым кошуп,  өзү 6 миңден ашуун китеп жыйнаган.
Анын бир, эки бөлүгүн Жалал-Абад, Каракол, бир бөлүгүн Колумбия университеттерине белекке берген.
Азамат Алтай көзү өткөнгө чейин караколдук, жалалабаддык 300дөн ашык студентке стипендия берип, аларды мыкты окуп, мекенге кызмат кылууга үндөгөн.
Туз-насип буйуруп 2003-жылы Нью-Йоркто өткөн Эл аралык спорт журналисттеринин Конгрессине Кыргызстандан делегат болуп барып, атайын чыгынып  «Азаттык» радиосунун негиздөөчүсү  Азамат Алтайга жолуккан элем. Ошондо маркум Азамат Алтай «Азаттык» радиосун уюштурууга катышканы тууралуу мындай деген эле.
– АКШнын билермандары радио толкундар чек араны билбейт, аны кармоого мүмкүн эмес дешип, радио түзүүнү колдоого алышкан. “Азаттык” радиосун курганда биз Түркстандын атынан курдук. “Азаттык” радиосунун биринчи директору казак болду. Орун басары өзбек. Мен болсо спикер элем. Кыргыздардыкы түркмөндөрдүкүнөн бир аз жогору эле. Түркмөндү катчы кылып, төрт киши менен “Азаттыктын” алгачкы берүүлөрүн баштадык. Кандай гана кыйын күндөрдү баштан өткөрсөк да кыргыз деген атты, намысты сактап калдык.
Көзү тирүүсүндө маркум Азамат Алтай “Азаттыкка” берген маегинде Аскар Акаев мыкты илимпоз болгону менен өлкө башчысы катары жакшы иштей албай, кыргыз элине чыккынчылык кылып, Кытайга Үзөңгү-Куушту берип салганын учурунда айтып сынга алган.

Кыргызстандын эгемендигин алгандан кийин Афиркадагы мамлекеттердей узакка созулбастан тезирээк тартипке салып, тарыхый жолуна кирет  деген ойдо элем. Жаңылдым, Аскар Акаевден аны күткөн эмес элем. Андан күткөнүм башка болчу. Мамлекет башкарыш үчүн Аскардын ордунда болсом чыдай албайт элем. Анын ордунда болсом эмне кылат элең дебейсиңби? Муунуп өлөт элем. Ушуну кылды. Кытайга жер берди. Эч кандай акысы жок, коммунисттик, интернационалдык, достук, балан-түлөн деген сөзү менен кыргыздар канын төккөн жерди бекер берип салды. Кыргыздардын мен-менчилиги, бөлүнүп, жердешчилиги, акмакчылыгы менен ушуга алып барды. Ошону менен 37-38-жылдардай кыргыз чиновниктери биринин башын бири жеди. Чил бири кылтакка түшсө аркасынан келип бошотуп алам деп, аркаларындагылардын баары кылтакка түшөт. Мына ушундай акмакчылык кылышты, азыр да ошондой кылып жатат. Бүтүн жаңылыш, бир беткей саясат болуп жатат,- деп кейиген эле Азмат Алтай.

Ошондой эле Курманбек Бакиев да Кыргызстанды кыйынчылыктарга кептеп салганын, бир туугандары, уулдары менен бийликти ээлеп, элди ойлобой калышканын сындаган.

Азамат Алтай 1995-жылы 24-августтан 11-сентябрга чейин эгемен Кыргызстанга сый конок катары келип, “Манас” дастанынын мааракесине катышкан. Өзү эңсеген замандаштарыТүгөлбай Сыдыкбеков, Кусейин Карасаев, Жусуп Мамай сыяктуу кыргыз залкарлары менен жолуккан.

Ал 1950-жылдан тартып Франция, Германия, Америкада кыргыздардын тарыхын, маданият-салтын изилдеген окумуштууларга жардам көрсөтүп, кыргызча булактарды англисчеге которуп, жалпы Батыштагы Борбордук Азиялык элдерге тийиштүү адабиятты жалпылап, чоң каталог түзүүгө катышкан.

Азамат Алтай 1988-жылы пенсияга чыгып, ошондон өмүрүнүн акырына чейин Нью-Йоркто жашап келген эле. Азамат Алтайдын өзүнүн айтуусунда баскан жолу тууралуу жана Кыргыз Эл баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин ал тууралуу чыгармасы кошулуп  “Азамат Алтай-демократиянын жарчысы” аталышта китеп жазылып, жарык көргөн.

«Азаттык» радиосунун негиздөөчүсү, коомдук ишмер Азамат Алтай рак оорусунун айынан 2006-жылы 23-майда Нью-Йорк шаарында дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү өзүнүн керээзине ылайык, маркум жубайы Сания апанын Нью-Йорктогу кабырынын жанына коюлган.

       

     

     

    
Кабыл Макешов,

КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы

 Атайын “Кыргыз тудей” үчүн даярдалды

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *