Фото – Бүгүн Кувейт жана Катардан 107 кыргызстандык мекенине кайтып келди

Бүгүн, 14-майда таңкы саат 03:30 чамасында Бишкекке Катар жана Кувейттен 107 кыргызстандык чартердик каттам менен учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, чартердик рейс Jazeera Airways авиакомпаниясы тарабынан Кувейт – Доха – Бишкек багыты боюнча жүргүзүлгөн.

Кыргызстандыктар менен бирге Казакстандын 31 жараны келишти. Аларды атайын унаа менен мекенине алып кетишти. Ал эми 107 кыргыз жараны обсервацияга жаткырылган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *