Фото – Депутат Камчыбек Жолдошбаев Ак-Талаадагы 1 гектар жерин жана 3 кабат имаратын мектеп кылып кайра куруп, мамлекетке бекерге өткөрүп берди

Ак-Талаа районундагы Кайыңды–Булак айылынын тургундары көп жылдардан бери айылына мектеп салууну өтүнүшүп, облустук, республикалык жетекчилерге кайрылышып, суранып жүрүшчү. Бирок андан майнап чыкпай келаткан. Муну уккан КР Жогорку Кеңешинин депутаты Камчыбек Жолдошбаев өзүнүн жеке менчигиндеги 3 кабат имаратын толугу менен кайра куруп, 700 орундуу мектеп салып берди.

“Кайыңды-Булак айылы заманбап мектеп салдыра албай жүргөнүн угуп, мага караштуу 3 кабаттуу имаратты толугу менен кайра куруп чыктым. Чатырын алып салып, жаңы салдырдык. Эшик-терезелеринин баарын жаңыга алмаштырдык. Чет өлкөдөн мектеп окуучуларынын парталарын сатып келдик. Дубалын, таманын, шыбын баарын майладык, актадык. 20 компьютер сатып келип, компьютердик класс уюштурдук. Кинозал жасадык. Бүгүнкү баасы 2 млн доллар турат. Эми 6-ноябрда парламенттин спикери Дастан Жумабековдун жетекчилиги менен КР Жогорку Кеңешинин депутаттары келип, мектептин ачылышына катышат. Бул биздин КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун быйыл, 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп атаган демилгесин колдоп, өз кичи мекенибизди өнүктүрүүгө кошкон салымыбыз”, – деп билдирди бүгүн, 3-ноябрда Кyrgyztoday.кg маалымат агенттигине депутат Камчыбек Жолдошбаев.

Мектептин мурунку абалы:

Мектептин азыркы абалы:

1 ой-пикир

  • Алга says:

    Аллах ыраазы болсун ниетине жетсин, элге корунуу, бийликке жагынуу үчүн эмес, ниети бир гана сооп амал үчүн болсо

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *