Фото – Футбол боюнча эл аралык балдар турнири жыйынтыкталды

Коомдук ишмер Шаршенбай Мааткабыловду эскерүү эл аралык футбол турниринин жеңүүчүлөрү аныкталды.

28-мартта Бишкек шаарындагы “Дордой” спорт комплексинде белгилүү коомдук ишмер Шаршенбай Мааткабыловду эскерүү эл аралык “Достук” Кубогу футбол турнири жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул өспүрүм футболчулардын эл аралык мелдеши 23-мартта башталып, 6 күнгө созулуп, 8 команда эки топко бөлүнүп, мөрөй талашуу курч мүнөздө өттү. “А” тобунда Алматы шаарынын “Жаш-Кыраан-1”, Бишкек шаарынын “Дордой” жана “Бешик –Таш”, Кант шаарынын “Абдыш-Ата” командалары күч сынашса, “Б” тобунда Алматы шаарынын “Жаш-Кыраан-2”, Чымкент шаарынын “СДЮШОР-7”, Бишкек шаарынын “Дордой-Плаза” жана Чүй облусунун “Фрунзе” футбол клубдарынын беттешти.

28-марттагы нөшөрлөп жааган жамгырга, шамаалга карабай финалда Бишкек шаарынын “Дордой” командасы финалда Алматы шаарынын “Жаш-Кыраан-1” командасын жеңип, белгилүү коомдук ишмер Шаршенбай Мааткабыловду эскерүү эл аралык “Достук” Кубогу футбол турниринин баш байгесине, алтын медалдарына жана баалуу сыйлыктарына ээ болушту. Экинчи орунду ээлеген алматылык жаш футболчулар күмүш медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Байгелүү үчүнчү орунду да Казакстандын Чымкент шаарынын намысын коргогон “СДЮШОР-7” командасы камсыз кылып, коло медалдарды тагынып, кубаныч менен үйлөрүнө кайтышты. Жеңүүчүлөргө байгелерди жана белектерди “Дордой” футбол клубунун башкы директору, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Борис Подкарытов, “Дордой” футбол командасынын белгилүү оюнчулары Александр Мищенко, Артур Валикаев жана Семен Шептицкий салтанаттуу кырдаалда тапшырышты.

Ошондой эле салтка айланган саамалык боюнча коомдук ишмер Шаршенбай Мааткабыловду эскерүү эл аралык “Достук” Кубогу футбол турниринин мыкты оюнчулары да аныкталып, аларга да атайын сыйлыктары ыйгарылды. Турнирдин эң мыкты дарбазачысы деген сыйлык Алматы шаарынын “Жаш-Кыраан-1” командасынын дарбазачысы Алексей Игнатенкого, мыкты коргоочу деген сыйлык да ушул команданын оюнчусу Алан Аракепянга ыйгарылды. “Мыкты жарым коргоочу” деген сыйлыктын ээси Казакстандын Чымкент шаарынын намысын коргогон “СДЮШОР-7” командасынын оюнчусу Сэрсенбай Бексултан аталып, атайын байге алды. Бул турнирде атаандаштарынын дарбазасына 5 топ киргизген “Дордой” командасынын чабуулчусу Залкар Сабатов “Мыкты бомбардир” деген сыйлыктын ээси болду. Ошондой эле “Дордой” командасынын оюнчусу Балбай Самагановдун чеберчилиги уюштуруучулар тарабынан жогору бааланып, турнирдин “эң мыкты оюнчусу” деген сйылыкка татыктуу болду.

Чынында эле ар жыл сайын коомдук ишмер Шаршенбай Мааткабыловду эскерүү эл аралык футбол турнири курч мүнөздө өтүп, жаш футболчулардын чеберчилигин арттырууда, мыкты жаш футболчуларды тандоодо жакшы жөрөлгө, мыкты саамалык болуп келатат. Ушул турнирден жеңүүчү болгон жаш футболчулар учурда Кыргызстандын жаштар жана өспүрүмдөр тандалма командаларынын жана өлкөнүн белгилүү футбол клубдарынын катарында ойноп, өлкөбүздүн намысын коргоп жүрүшөт. Балдар футболунун пайдубалын түптөгөн ушул Шаршенбай Мааткабыловду эскерүү эл аралык турнирин уюштурган, жаш футболчулардын демине дем кошуп, келечекке шыктандырган демилгечилерге миң мертебе рахмат!!!!

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *