Фото – Худжанд шаарындагы түрмөдө чыккан тополоңдун натыйжасында көз жумгандардын сүрөттөрү жарыяланды

7-ноябрдан 8-ноябрга караган түнү Тажикстандын Худжанд шаарындагы түрмөдө чыккан тополоңду басууда атылып, көз жумгандардын эки сүрөтү жарыяланды.

Сүрөттө маркумдардын сөөгү белгисиз бөлмөдө эки катарга тизилип жатканы көрүнүп турат.

Согдий облусунун укук коргоо органдарынын айтымында жаңжал эки күзөтчүнүн абактагы бир адамды жылаңач чечиндирип, жамгыр астында турууга мажбурлаганынан чыккан.

Эскерте кетсек, окуя 8-ноябрга караган түнү Тажикстандын түндүк тарабындагы Согдий облусундагы 16-кичи райондо жайгашкан № 3-абакта болгон. Кырсыктан 27 киши көз жумуп, 100 киши оор жаракаттарды алышкан.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *