Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Фото — Ибраим Нуракун уулу: «Китептерибиз сакталып калыптыр, Ак үйдүн ичи тазалана баштады»
САЯСАТ

Фото – Ибраим Нуракун уулу: “Китептерибиз сакталып калыптыр, Ак үйдүн ичи тазалана баштады”

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Жогорку Кеңештин имаратынын ичи тазаланып, иретке келтириле баштаганын билдирди. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасында жазып, сүрөттөр менен бөлүштү.

“Бүгүн сиздерге Жогорку Кеңештин ичин көрсөтөм. Сүрөт жана видео баяндар болот. Мени кубантканы китептерибиз сакталып калыптыр. Арасынан Манас менен Айтматовду таап алып ыйладым”, – деди ал.

Ошондой эле ал ЖКнын депутаты Рыскелди Момбековдун кабинетин дагы көрсөттү.

“ЖКнын депутаты Рыскелди Момбековдун кабинети. Төрдө Чыңгыз Айтматовдун портрети илинип турчу эле. Уурдап кетишиптир. Эмне демекчибиз, аш болсун” – деп билдирүү калтырган.

БШК мандатты Өмүрбек Текебаевге өткөрүп берүү боюнча жыйынга чогула албай жатышат

Коммунист мине дейт,кокуй?

Назарбаев менен Абэ эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады