Фото – ИИМдин Академиясында эл аралык шайлоо күнү белгиленди

2019-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Эл аралык шайлоо күнү белгиленди. Бул тууралуу  ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы билдирди.

Бул күнү ИИМдин Академиясына Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана БШКнын өкүлдөрү келишти.

ИИМдин Академиясынын курсанттарына жана студенттерине Н.Шайлдабекова “Жаштар жана шайлоо. Келечектин жоопкерчилиги”, “Шайлоо алдындагы жана шайлоо учурундагы ички иштер органдарынын тапшырмалары” темаларында лекция окуду.

Ал, жаштарга шайлоо учурундагы добуштун канчалык маанилүүлүгүн, шайлоону өткөрүү этаптарын, жаңы шайлоо моделдери, шайлоо процедурасы жана Борбордук шайлоо комиссиясынын аткарган иштери, жалпы эле шайлоо системасы боюнча айтып өттү.

Ошондой эле келечектеги милиция кызматкерлерине шайлоо учурунда шайлоо бөлүктөрүндөгү алардын укуктары жана милдеттери туурасында айтты.

БШКнын мүчөлөрү биометрикалык урналарды жайгаштырып, шайлоону жүргүзүү процессин жана жыйынтыктарын экран алдында көрсөтүп беришти. Ал эми бул иш-чарага курсанттар жана студенттер шайлоо процедураларына активдүү катышышты.

Н.Шайлдабекова ИИМдин Академиясындагы Ч.Айтматовго арналган бурчту жана музейди көрүп чыгып, Ардактуу конок китебине өзүнүн каалоо тилектерин жазып калтырды.

Иш-чара эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *