Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Фото — ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери ок атуучу курал алып жүргөн жаранды кармашты
Баардык жаңылыктар

Фото – ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери ок атуучу курал алып жүргөн жаранды кармашты

ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери ок атуучу курал алып жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, КР ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына белгисиз адам ок атуучу курал менен жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.

Алынган ыкчам маалыматтын негизинде ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери тарабынан шектүү катары Ош облусунун жашоочусу 37 жаштагы А.С. кармалган.

Кармалган жаранга өздүк кароо жүргүзүлүп, жанынан мыйзамсыз алып жүргөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчага окшош курал табылган.

Аталган факты КР Жазык кодексинин 255-беренесинин (Курал-жаратарды этиятсыз колдонуу) негизинде КЖБРге катталган.

Ошондой эле, кармалган жаран “CHRYSLER 300 C” үлгүсүндөгү автоунааны башкарып жүргөн.

Азыркы учурда топтолгон материалдар Бишкек шаарынын Биринчимай РИИБдин Тергөө кызматына жөнөтүлдү.

Аталган факты боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

   

 

Юристтер шайлоону эмнеге жылдырууга болбой тургандыгын түшүндүрүштү

Эшимканов урматтаган Туйгун байке сыйга татыктуу

Эски бийликтин кадр саясатынын адашкан “жемишинен”