Фото – КЭРдин Тышкы иштер министри Ван И Бишкек шаарына расмий сапары менен келди

2019-жылдын 21-майында Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, КЭРдин Тышкы иштер министри Ван И Бишкек шаарына расмий сапары менен келди. Бул тууралуу КРнын Тышки иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болуп өттү, алардын жүрүшүндө тараптар эки
тараптуу мамилелердин бардык спектрин жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары жандандыруунун келечегин талкуулашты, ошондой эле эл аралык жана регионалдык күн тартибинин
маселелери боюнча пикир алмашышты.

КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуусунун алкагында ушул жылдын июнь айында Кыргызстанга боло
турган Мамлекеттик сапарын даярдоого өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, кыргыз тарабы Кытай менен кызматташтыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө зор маани берээрин баса белгиледи. Болгон бардык макулдашууларды, анын ичинде, Кыргызстан үчүн олуттуу социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, КЭРдин Тышкы иштер министри Ван И кыргыз тарабынын чакыруусуна жана салттуу меймандостугуна ыраазычылыгын билдирди. Кыргызстан Кытай үчүн, анын ичинде, «Бир алкак-бир жол» демилгесин биргелешип илгерилетүүнүн алкагында ар дайым маанилүү стратегиялык өнөктөш болуп кала берет деп белгиледи. КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин КРга боло турган
Мамлекеттик сапары эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы ургаалдуу өнүгүүсүнө импульс берип, кыргыз-кытай мамилелерин сапаттуу жаңы деңгээлге чыгарат деген ишенимин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча эки өлкөнүн Тышкы саясий ведомстволорунун башчылары 2020-2021-жылдарга КР менен КЭРдин Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы Кызматташуу программасына – тышкы саясий ведомстволордун компетенциясынын алкагында эки тараптуу кызматташуунун бардык чөйрөлөрүн камтыган жана жакынкы эки жылга негизги курсту аныктаган документке кол коюшту. Ушул эле күнү КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, КЭРдин Тышкы иштер министри Ван И Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан кабыл алынат.

   

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *