Фото – Кыргыз милициясы согуш жылдарында, Чаткалда 13 дезертирден турган бандиттик топту жок кылган

Мындан, 75 жыл мурун фашизмди жеңүү менен аяктаган Улуу Ата-Мекендик согуш, биздин Ата-Мекенибиздин тарыхында  эң оор, ошол эле учурда эң баатырлык жылдардан болду. Бул согуш, 26 миллиондой адамдардын өмүрүн алып кеткен, анын ичинде 200 миңден ашуун кыргызстандыктарды түзгөн, жүз миндеген шаарларды жана айылдарды жер менен тенеди.  Милиция кызматкерлери башкалар менен бирге өлкөбүздүн эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоп, душмандар менен фронтто, партизандык бөлүктөрдө жана ооруктагы кылмыштуулук менен күрөшүшчү. Бул тууралу КР ИИМинин басма сөз кызматы билдирет.
Согуштун оор жылдарында, милиция кызматкерлери өзүнүн ишин өзгөртүүгө туура келди. Ал мезгилде, милиция үчүн согуштук учурга мүнөздүү болгон жаңы кылмыштар менен күрөшүүгө туура келди, алар: дезертирдик, аскерге кызмат өтөөдөн баш тартуу, дүрбөлөң салуучулук, провокациялык ушактарды таратуу ж.б.у.с. Согуш учурундагы, мындай кылмыштар менен күрөшүүгө, 1941-жылдын апрель айында союздук республикаларында бандитизмге каршы күрөшүү бөлүмдөрү түзүлгөн (БККБ). Ал эми, 1942-жылы октябрь айында милиция кызматкерлерине соода-сатык жана башка маанилүү мекеме-чарбаларды кайтаруу милдети жүктөлгөн. Милиция башкармалыгынын курамында ведомстволук сырткы кароолдук кызматы уюштурулган.
Көптөгөн тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлердин фронтто кетиши милициянын ишмердүүлүгүнө өз таасирин тийгизип, жумушун оорлотту. Көп өлчөмдөгү иштерди аз сандагы өздүк курам менен аткарууга мажбур болушкан, ал эми фронтко кеткен эркек кишилердин ордуна аялдар милицияга кызмат өтөөгө дайындалышты.  Аял-милиция кызматкерлери участкалык ыйгарым укуктуу, тергөөчү, кайгуул кызматкерлери болуп, жол коопсуздугун жөнгө салып коомдук укук тартипти камсыздап, ак ниеттүүлүгү менен кызмат кылышчуу.
Согуш маалында, адам өлтүрүү, тоноо, каракчылык кылмыштары өскөн, көп учурда орой түрлөрүндө орун алган. Мындай кылмыштарды көбүнчө түзөтүү-эмгек колонияларынан качкан дезертирлер жасачы. Согуштун маалындагы учурдан пайдаланып, дезертирлер бандалык топторду түзүп, ирофейлик куралдар менен куралданып колхоздорго кол салышып, мал жандыктарды айдап кетип, капчыгайларда жана үңкүрлөрдө жашынышчуу. Бандитизмге күрөшүү бөлүмү башка милиция кызматтары менен биргеликте республиканын аймагындагы бир нече бандиттик топторду  жок кылышкан.
Алсак, 1943-жылы август айында Жалал-Абад облусунун Жаңы-Базар аймагында 18 дезертирден турган Жакупбековдун бандиттик тобу түзүлгөн. Жайдын ысык күндөрүнүн биринде, Жакупбеков башкарган бандиттик топ күтүүсүздөн Чаткал раймилициясына куралдарды жана убактылуу кармоочу жайынан кошо катышуучу кылмышкерлерин боштондукка чыгаруу максатында кол салышкан. Бандиттик топ менен күрөшүп, коргонууда милициянын кызматкерлери Н. Табалдиев, Б. Ташиев жана райондук аскер комиссары Ш. Жураев салгылашып, кылмышкерлердин колунан көз жумушкан, бирок алар көздөгөн максатына жетишкен эмес.
Бул бандиттик топту издөөгө Жалал-Абад облусунун Ички иштер элдик комиссариатынын башкармалыгынын кылмыш-издөө бөлүмүнун начальниги Б.Н. Ташланов, участкалык инспектор А.Я. Михайлик жана Скляр, Эшембетов, Мамбетов милиционерлерине турган ыкчам топ түзүлгөн.
Курган-Төбө ашуусунда 15 күндүк издөөлөдөн кийин, жогоруда аталган бандиттик топ табылып, ал топтун башчысы Жакупбеков ок атышуудан улам көз жумган, топтун калган мүчөөлөрү жеңилип, колго түшүшкөн. Топтун жашыруун жайынан колхоздук чарбалардан уурдалган 17 мылтык, 8 тапанча, ок-дарылар, буудай жана мал жандыктар табылган.
Согуш жылдар аралыгында Кыргыз милициясынын кызматкерлери 41 760 кылмыштын бетин ачышкан. Анын ичинен, Бандитизмге каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан 1368 кылмыш иши ачылып, 2119 кылмышкер камакка алынган. Милиция кызматкерлери өз алдынча жана Мамлекеттик коопсуздук кызматты менен биргеликте 60 дезертирдик топторун, 236 бандиттик түзүлмөлөрүн аныктап жок кылышкан, жыйынтыгында 1847 ок атуучу курал, буудай жана мал жандыктар алынган. Кылмыштык топторду кармоодо жана жок кылууда күжүрмөн күзөттө кылмышкерердин колунан 26 милиция кызматкерлери кызмат учурунда каза болушкан.
Мындан тышкары, Ички иштер органдары коомдук коопсуздукту камсыздоого жана Түндүк Кавказдан (чечен, ингуш, балкар, карачай) “атайын отурукташкан” – аттуу репрессияланган элдердин убактылуу жашаган жайларында иш алып барууда чоң жумуш алып барышкан. Милиция кызматкерлерине аларга жумушка орноштуруу жана ачкачылык өлүмүнөн сактап калуу ишин жүргүзүүгө мажбур болушкан. 1944-жылдын 1-август күнүнө карата 124583 кишиден турган  30629 үй-бүлө Кыргызстандын аймагына көчүрүлүп келинген.
Согуш жылдарында, паспорттук аппараттар эбегейсиз чоң иш жүктөмү менен иштешкен. Алар, 90 миңден ашуун балдардын ата-энелерин табууга жардамдашкан, 200 миңден ашуун туугандарын издөө жөнүндө каттарды иштеп чыгышкан, ошону менен бирге эвакуациялангандарды иш менен камсыздоого жардам көрсөтүшкөн. Кыргыз ССРнин Ички иштер элдик комиссариатынын кызматкерлери каза болгон аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө жана фронтто салгылашкан мурунку милиция кызматкерлерине күйүүчү май, кийим, бут кийим алууга, батирлерин оңдоп-түзөөгө материалдык жардам көрсөтүшкөн.
СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун Жарлыгы фронтто жана оорукта душмандар менен күрөшүүдө өзгөчө салымын кошкон 1400 милиционер жана милициянын офицерлери орден жана медальдар менен сыйланышкан.
   
   

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *