Фото – Кытайлык ишкерлер Базар-Коргон районуна 80 батирлүү 5 кабаттуу турак-жай курушат

Базар-Коргон районунда кытайлык ишкерлер бардык ыңгайлуу шарттары бар 5 кабаттуу 80 батирлүү турак-жайды курушат деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. 8-апрелде өкүл Жумагүл Эгембердиева Базар-Коргон районуна болгон расмий иш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынан келишкен кытайлык ишкерлер менен жолугушту. Базар-Коргон районунун акими Таалайбек Дөлдөев жана Кытай Эл Республикасынын Шинжан провинциясынын Артыш шаарынан келген үй-бүлөлүк турак-жайларды курууга адистешкен компаниянын генералдык директору Хуан Чжи Бин көп кабаттуу үйлөрдү куру боюнча эки тараптуу меморандум түзүшкөн.
ЖА Базар-Коргон
– Базар-Коргон районунда турак-жай салуу үчүн жер участокторун сурагандардын саны аябай көбөйгөн. Райондун борборундагы Базар-Коргон айыл аймагында 5 миң жана Кеңеш айыл аймагында 2,5 миң жаш үй-бүлөлөр турак-жай салуу үчүн жер участокторун алуунун кезегинде турушат. Ушул маселени ийгиликтүүоң жагына чечүү максатында биз кытайлык ишкерлерди чакырып, сүйлөшүп жатабыз. Курулушу быйылкы жылга белгиленип жаткан 5 кабаттуу 80 батирлүү турак-жайлар 1 жана 2 бөлмөлүү батирлерден турат. Ал батирлерди жаштарга ипотекалык кредиттөө жолу менен берүүнү алдыбызга максат кылып жатабыз,- деди Базар-Коргон районунун акими Таалайбек Дөлдөев.
ЖА Базар-Коргон2
– Эгерде Базар-Коргон районунда көп кабаттуу үйлөрдү чет элдик инвесторлордун жардамы менен куруу иши ийгиликтүү башталып кетсе бул ыкманы башка райондор менен шаарларга дагы жайылтабыз,- деди өкүл Жумагүл Эгембердиева Кытайлык ишкерлер менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө.
ЖА Базар-Коргон4
Азыркы күндө Базар-Коргон районунда кытайлык ишкерлердин жардамы менен курулуучу көп кабаттуу үйдүн мамлекеттик архитектуралык долбоору бүткөрүлүүнүн алдында турат. Бул ишке райондук архитектура бөлүмү менен райондук мамлекеттик каттоо кызматы дагы жакындан көмөк көрсөтүп жатышат. Көп кабаттуу турак жайды курууга келген Кытайдын 7 жаранына убактылуу жашоолору үчүн райондогу бош турган эски музакалык окуу жайынын имараты ажыратылып берилди.
ЖА Базар-Коргон5
Жолдошбай Осмонов, журналист

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *