Фото – Лос-Анжелесте “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү

Кечээ, 24-февралда Лос-Анжелесте “Оскар” сыйлыгынын 91-ирет тапшыруу аземи болуп өттү. Быйылкы жылы “Оскар” сыйлыгынын “Мыкты тасма” наамын  “Жашыл китеп” тасмасы эңип кетти.

Ал эми “Мыкты актер” наамын “Богемская рапсодия” фильминде роль жараткан Рами Малек алды. Аталган тасма “Мыкты үн”, “Үндүн мыкты монтажы”, “Мыкты монтаж” наамдарына татыктуу болду.

Мындан тышкары, “Мыкты актриса” наамы Оливия Колманга буюрду. Ал “Фаворитка” тасмасында роль жараткан.

Ошондой эле, “Кара кабылан” тасмасы “Мыкты композитор”, “Кийимдердин мыкты дизайны”, “Сүрөтчү-коюуучунун мыкты иши” наамдарын багынтты. Ал эми “Мыкты режиссер” жана “Оператордун мыкты иши” наамын “Рома” тасмасындагы эмгеги үчүн Альфонсо Куарон алды.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *