Фото – Милиция жансыз дененин өздүгүн аныктоого коомчулуктан жардам сурайт

2020-жылдын 8-декабрь күнү саат 14:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Фурманов көчөсүндө жайгашкан “Достук” мончосуна жакын жердеги кирпичтен салынган тосмонун жанында 45-55 жаштагы азиат улутундагы өздүгү аныкталбаган кишинин денесинде жарааты жок, өз ажалы менен каза болгон жансыз денеси табылган. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилери: Бою 160-165 см. чачы кара, көзү кара, дене түзүлүшү орточо келген, сакал, муруту өскөн.

Кийген кийимдери: Башында кара түстөгү шапка, үстүндө кара түстөгү куртка, ичинде кара түстөгү спорттук кийим, кара түстөгү спорттук шым, бутунда кара түстөгү кроссовки.

Жогорудагылардын негизинде өздүгү аныкталбаган өлүк боюнча кандайдыр бир маалыматтар жана аны тааныган атуулдар болсо, төмөндөгү телефондорго кабарлап коюуңуздарды суранабыз.
Байланыш тел: 102, (03722) 5-28-31, 7-03-44, 0777 79-23-63, 0773 00-08-02.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *