Фото – Министр Чыңгыз Айдарбеков БУУ системасынын туруктуу координаторлору менен жолугушууда куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү

2019-жылдын 11-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европа Союзу менен ЕККУнун өкүлдөрүнүн катышуусунда Бириккен Улуттар Уюму системасынын Борбордук Азиядагы туруктуу координаторлорунун жолугушуусунда куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өз сөзүндө ал өз көз карандысыздыкты алган учурдан тартып БУУ менен өз ара аракеттенүүдө Кыргызстан тарабынан жетишилген негизги ийгиликтерди белгилеп, ошондой эле эл аралык уюмдардын долбоордук ишмердүүлүгүнүн негизине кире турган негизги приоритеттерди атады. Регионалдык коопсуздук маселелерин айтып, Министр Ч.Айдарбеков Борбордук Азия мамлекеттеринин алдында турган чакырыктар, аларга
натыйжалуу жана өз убагында чара көрүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди консолидациялоонун зарылчылыгын объективдүү таңуулап жаткандыгын баса белгилеп, мында БУУнун превентивдүү дипломатия боюнча Регионалдык Борборунун ролун өзгөчө белгиледи.

Тышкы саясий ведомствонун башчысы күчтүү жарандык коому бар эркин мамлекет куруу өлкө жетекчилиги үчүн эң маанилүү милдеттердин бири экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу, ал Кыргызстандын улуттук спецификасын жана маданий өзгөчөлүктөрүн эске алып, бул багытта Өкмөт менен кызматташууну улантууга БУУну чакырды.

БУУнун туруктуу координаторлорунун жолугушуусу Борбордук Азия регионунун ар бир мамлекетинде кезек-кезеги менен өтүп турат. Алардын жүрүшүндө БУУнун долбоордук ишмердүүлүгүндөгү приоритеттер, ошондой эле биргелешип чечим чыгарууну талап кылган башка маселелер талкууланат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *