Фото – Министр Чыңгыз Айдарбеков Коопсуздук саясаты боюнча Женева борборунда (GCSP) сөз сүйлөдү

Кечээ, 7-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Жарансыздык маселелери боюнча БУУнун жогорку деңгээлдеги Жыйынында катышуу үчүн Женева шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Женеванын коопсуздук саясаты боюнча борборунун (GCSP) меймандарынын жана угуучуларынын алдында чыгып сүйлөдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөгөн сөзүндө Борбордук Азия регионундагы өлкөлөрдүн ортосундагы саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык, суу-энергетикалык тармактардагы кызматташуу, региондогу коопсуздук деңгээлин сактоо боюнча болгон өз ара аракеттенүүнүн деңгээли сыяктуу маселелер козголгон. Мындан тышкары, интеграциялык процесстер, тактап айтканда,  Евразиялык экономикалык биримдик, Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук келишим уюму, Арал деңизин куткаруу боюнча эл аралык фонду ж.б. сыяктуу уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле Кыргызстандын бир катар регионалдык түзүмдөрдөгү төрагалыгына көңүл бурулду.

Иш-чарада Женева шаарындагы дипломатиялык корпустун, жарандык коомдун, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү жана Женеванын коопсуздук саясаты боюнча борборунун угуучулары катышты.

Маалымат үчүн: Женеванын коопсуздук саясаты боюнча борбору (GCSP) 1995-жылы негизделген эл аралык фонду болуп эсептелет. Уюмудун негизги максаты кадрларды даярдоо жана илимий изилдөөлөр аркылуу тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо жана жакшыртуу болуп саналат. GCSPнин ишинин негизги багыты – бүткүл дүйнө боюнча окутуучу курстарды, семинарларды жана тренингдерди өткөрүү. Кыргызстан 2003-жылдан тартып бул уюмдун камкорчулук кеңешинин курамына кирет. Кеңеште бүгүнкү күндө 52 мамлекет жана Женева кантонунун Өкмөтү бар.  

Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы БУУнун Бөлүмүнүн жана башка эл аралык уюмдардын алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгү иш-чаранын уюштуруучуларынын бири болду.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *