Фото – Октябрь райондук сотунда документтердин берилиши токтотулду. Бул көрүнүшкө эл нааразы болууда

Бишкектин Октябрь райондук соту канцеляриянын эшигине документтердин берилиши убактылуу токтотулгандыгы тууралуу кулактандыруу илген. Бул кулактандыруу социалдык тармактарга бат эле тарап, элдин кызуу талкуусуна түшкөн.

Документтердин берилишинин токтотулушу жылдык отчетту даярдоо убактысына байланыштуу болгон.

“2020-жылдын 10-январынан баштап 21-январга чейин жылдык отчетту даярдоо убактысы! Тынчыбызды албооңузга суранабыз!” – деп жазылган кулактандырууда.

Отчетту шылтоо кылып жумушту токтотуп койгондору туура эмес деп коомчулук нааразы болууда.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *