Фото – Ош шаарынын 24 жаштагы тургунун сабап кеткен 4 шектүү камакка алынды

Ош шаарынын 24 жаштагы тургунун сабап кеткен шектүүлөр камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, кечээ, 11-сентябрда милиция кызматкерлери кылмышка шектүү деп төрт адамды – Жалал-Абад облусунун эки тургунун, Кызыл-Кыя шаарынын жана Чоң-Алай районунун тургундарын кармашты. Бардыгы убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кармалган шектүүлөр 1996 жана 1997-жылы туулган жарандар.

Милиция кызматкерлери жабырлануучу бул иш боюнча соттолуучулардын эч кимисин тааныбай тургандыгын, токмоктошууга кыздын айынан түшүнбөстүктөр себеп болгонун билдирди.

Материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (“Бейбаштык”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Белгилей кетсек, Ош шаарында Улуттук драм театрынын имаратынын жанында 24 жаштагы жергиликтүү тургунду сабап кетишкенин соцтармактын колдонуучусу Тим Умаров жазып чыккан. Ал инисин түнкү саат он экилер чамасында драм театрда 5-6 бала сабап, андан кийин аны унаага сүйрөп барып, Южный каналынын аймагына алып барып, тоноп кетишкенин белгилеген. Кол салгандан кийин алар качып кетишкен.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *