Фото – Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов жумуш сапары менен Кыргызстанга келди

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жумуш сапары менен Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунда Өзбекстан Республикасынын Премьер-министрин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тосуп алды.

Жумуш сапардын алкагында Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат.

Мындан тышкары Өзбекстан Республикасынын Премьер-министрин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алмакчы.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *