Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Уллутар Уюмунун 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Нью-Йоркко келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына келди. Мурда маалымдалгандай, Мамлекет башчысы БУУнун башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, БУУнун Башкы катчысы Антонио Гуттериш менен жана башка мамлекеттердин башчылары менен жолугушат. Кыргыз Республикасынын Президенти визиттин алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Д. Хаммаршельд атындагы китепканасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнү ачат.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *