Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Ереванга Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-сентябрда, Ереван шаарына (Армения) 1-октябрда өтө турчу Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн келди.

ЖЕЭК жыйынынын алкагында ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин башчылары «Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы» форумунун ишине катышышат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчи Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, экономика министри Санжар Муканбетов жана финансы министри Бактыгүл Жеенбаева.

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *