Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз-Индия бизнес-форуму – Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя

«Кыргыз-Индия бизнес-форуму – Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя», – деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июнда Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга расмий визитинин алкагында уюштурулган кыргыз-индия бизнес-форумунда сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти:

“Урматтуу Премьер-министр мырза,

Урматтуу индиялык достор!

Айымдар жана мырзалар!

Күнөстүү Кыргызстанга кош келиңиздер!

Меймандос жергебизде индиялык досторубузду тосуп жатканыбызга биз абдан кубанычтабыз.

Сиздер кечээ эле ачык, таза депутаттык шайлоолорду ийгиликтүү өткөрүп, Азия чөлкөмүндө парламенттик демократиянын жеӊишин дагы бир жолу орноттуӊуздар.

Учурдан пайдаланып, Сизди Индиянын Премьер-министри болуп кайрадан шайлангандыгыңыз менен, ошондой эле «Баратия Джаната парти» партиясынын ынанымдуу жеңиши менен дагы бир жолу чын жүрөгүмдөн куттуктайм.

Сиздин өкмөтүӊүз жүргүзгөн олуттуу реформалар Индия элинин кеӊири колдоосуна ээ болду.  Муну шайлоолордун жыйынтыгы далилдеп турат.

Ошондой эле, биздин жолугушуулардын жыйынтыгында Кыргыз-индия мамилелери жаңы стратегиялык деңгээлге көтөрүлөт деп ишенем.

Сиздин расмий сапарыӊыз биздин мамилелер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүнө шек жок.

Биздин мамлекеттердин ортосунда узак жылдар бою калыптанып, барган сайын бекемделип жаткан саясий өнөктөштүк бийик деӊгээлге жетти.

Эми экономикалык кызматташууга, биздин ишкерлерибиздин өз ара аракетине дем берүү иши маанилүү.

Махатма Гандинин: “Бир грамм өзүӊдүн  тажрыйбаӊ – башкалардын тонналап берген кеңештеринен алда канча баалуу болуп саналат” деп айтканы бар.

Сиздин бүгүнкү бизнес-форумдун ишине катышууңуз – эки өлкөнүн бизнесмендеринин ортосундагы өз ара ишенимин жогорулатат. Ишкерлердин баа жеткис  тажрыйба алмашуусуна өбөлгө болот жана мындан аркы кызматташтыкка түрткү берет деп ишенем.

Урматтуу форумдун катышуучулары,

Биз бүгүнкү иш-чараны Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя катары кабыл алабыз.

Бүгүн ушул залда өлкөлөрдүн өнүгүшүнө маңдай тери, адал эмгеги менен чоң салым кошуп жаткан адамдар олтурушат.

Индия менен өзгөчө ишенимдүү саясий алакабыз бар.

Боордош индиялык өнөктөштөрүбүзгө дайыма эшигибиз ачык, алар менен жолугууга дайыма кубанычтабыз.

2018-жылы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү – болгону 37 миллион  долларды түздү.

Соода жаатындагы кызматташтыгыбыздын дарамети толук кандуу колдонулбай жатат деп эсептейм.

Азыркы Кыргыз-индия соода-сатык  мамилелерин бир кыйла жакшыртууга потенциалдык мүмкүндүктөр бар.

Кыргыз тарап экологиялык жактан таза органикалык продукцияларды экспорттоонун көлөмүн жогорулатууга даяр экендигин белгилейм.

Алар Индиянын барган сайын кеңейип бараткан зор рыногунда өз керектөөчүсүн табарына ишенем.

Мен Индиялык инвесторлорду жана фонддорду тыгыз кызматташууга чакырам.

Инвесторлорго ылайыктуу шарт түзүүнү – артыкчылыктуу багыт катары аныктап, чоң иш-аракеттерди аткардык.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн абдан жагымдуу шарттар түзүлдү.

Инвестордун активдери жана жеке менчиги мамлекет тарабынан ишенимдүү коргоого алынды.

Алар кол тийгис, буга Кыргыз мамлекети толук кепилдик берет.

Жеке ишкерлердин жана инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо максатында өлкөдө биринчи жолу бизнес – омбудсмен институту ачылды.

Жаңы түзүлгөн ишканалар 3 жылга текшерүүдөн бошотулду.

Кыргызстанда региондогу эң либералдуу салык режими түзүлдү. Салык ставкалары төмөн.

Мисалы, кошумча нарк салыгы – 12 пайызды, пайдага салыгы – 10 пайызды,  ал эми киреше салыгы да 10 пайызды түзөт.

Айыл чарба өндүрүүчүлөрү, соода-логистика борборлору пайда салыгынан толук бошотулду.

Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба чийки заттарын кайра иштеткен ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы болгону эки жарым пайыздын тегерегинде.

Технологиялык жабдууну импорттоо бажы алымдарынан бошотулду.

Тарифтик жана тарифтик эмес чектөөлөр алынып салынды, демек, Кыргызстанда өндүрүлгөн товар үчүнчү өлкөлөрдө өндүрүлгөн товарларга караганда чоӊ артыкчылыктарга ээ болот.

Чет элдик инвесторлор кымбат эмес жана квалификациялуу жумушчу күчтү жана арзан электрэнергияны пайдалана алышат.

Кыргызстанда электр энергия тарифи эң төмөн, анын баасы юридикалык тараптар үчүн үч центтин тегерегинде, ал эми жеке адамдар үчүн болгону бир центтин тегерегинде.

Биздин өлкөдө эркин валюта режими бар. Чет элдик валютаны Кыргызстандын аймагында сатып алууга жана сатууга чек коюлбайт.

Кыргызстан – Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү. Бул биримдиктин алкагында 183 миллион адам жашайт.

Андан сырткары 2016-жылы Кыргызстан Евросоюздун ВСП+ статусуна ээ болгон.

Бул Кыргызстандын өндүрүүчүлөрүнө 6 миӊден ашык товардык позиция боюнча нөл тарифтик ставкасы менен экспорт жасоого мүмкүндүк берет.

Кыргызстанда 58 мамлекеттин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим бар.

Акыркы жылдарда өлкөдө туристтердин санынын көбөйгөндүгүн, анын ичинде Индиянын туристтеринин көбөйгөндүгүн баса белгилеп кетем.

Бул багытта да кызматташуу үчүн зор мүмкүндүктөр бар.

Урматтуу жыйындын катышуучулары,

Менин баамымда индиялык досторубуз үчүн электроэнергетика тармагы бир кыйла кызыктуу болуп эсептелет.

Ошондуктан Кыргызстан электроэнергетика чөйрөсүндө потенциалга өтө бай мамлекет экенин белгилейм.

Экологиялык таза энергиянын булагы – гидроэлектростанцияларды куруу боюнча долбоорлорубуз арбын.

Алардын негизгилери болуп Камбарата ГЭСи жана Жогорку Нарын каскаддарынын ГЭСтери эсептелет.

Айымдар жана мырзалар!

Мен Кыргыз Республикасына инвестиция кылууга ниети бар Индиянын бизнес өкүлдөрүнө кайрылып, аларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырамын.

Кыргыз Республикасы сиздердин инвестицияңыздар ийгиликтүү болушу үчүн бардык шарттарды түзүп берет деп ишендирип кетем.

Индиянын капиталын гана эмес, Индиянын алдыңкы компанияларынын технологияларын тартуу да биз үчүн артыкчылыктуу багыт экендигин айткым келет.

Индия өкмөтү жүргүзгөн көптөгөн программалар бизде ишке ашырылып жаткан программаларга окшош экендигин белгилейм.

Алардын ичинен “Электрондук өкмөт” жана “Электрондук виза” инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө. Аны менен бирге өлкөнүн региондорунун экономикалык өнүгүүсүнө да келечекте зор салымын кошот деп эсептейм.

Убакыттын тардыгына байланыштуу, дагы 3 жагдайды учкай гана белгилеп кетейин.

Кыргызстандын транзиттик дараметин пайдалануу максатында транспорт инфраструктурасын жакшыртуу боюнча бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууга кириштик.

Алардын катарында автомобиль жол байланыштарын кеңейтүү, авиаташуулар рыногун өнүктүрүү, соода-логистикалык хабдарды түзүү боюнча долбоорлор бар.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүп, коомду санариптештирүүнү ишке ашыруудабыз.

Ушуга байланыштуу, Индиянын маалымат технологиялар жаатында жетишкендиктерин эске алуу менен, индиялык досторду ушул тармакта тыгыз кызматташууга чакырам.

Урматтуу катышуучулар,

Кыргыз жергесинде бардыгы болуп индиялык капиталдын катышуусу менен төрт жүздөн ашык чарба субъектилери катталган.

Бул чакан жана орто компаниялар негизинен соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштеп келүүдө.

Эми башка чөйрөлөрдө да биргелешкен ишканаларды түзүү – мезгилдин талабы болуп калды.

Жакынкы жылдарда Кыргызстандын экономикасындагы индия капиталынын көлөмүн биргелешип көбөйтө алабыз деп үмүттөнөм.

Сөзүмдүн аягында Нарендра Моди мырзага  өлкөбүзгө жасаган расмий иш сапары үчүн дагы бир ирет ыраазычылык билдирем”.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *