Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Фото — Төмөнкү Ала-Арча айылындагы кандуу окуя: Күйөөсүн кызганган аял 26 жаштагы кызды өлтүрүүгө айдоочусу менен досун жалдаган
Криминалдык хроника жана окуялар

Фото – Төмөнкү Ала-Арча айылындагы кандуу окуя: Күйөөсүн кызганган аял 26 жаштагы кызды өлтүрүүгө айдоочусу менен досун жалдаган

26 жаштагы Айгерим Токбаеванын өлүмүнө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга ылайык, күн мурун 14-октябрда милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан жаш кыздын өлмүнө шектүүлөр: 31 жаштагы Б.Ж. (аял киши), анын 28 жаштагы айдоочусу О.А. жана 31 жаштагы К.Ч. кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, адам өлтүрүү кылмышы Б.Ж.нын кызганычынан улам жасалган.  Анда аял күйөөсүн Айгеримден кызганып, анын көзүн тазалоо үчүн айдоочусуна жана досуна “буйрутма” берген. 

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, 26-сентябрь күнү саат 02:50 чамасында Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйлөрдүн бирине беткап кийген эки белгисиз кирип, жаштагы Т.Ж жана анын 26 жаштагы кызы Т. А.ны бычак менен жарадар кылган. Андан кийин алар белгисиз тарапка качып кетишкен. Алган жараатынан улам кыз каза болуп, атасы Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Кылмыш коомчулукта чоң резонанс жаратты. Аны ачыкка чыгаруу үчүн ИИМдин, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жана Аламүдүн РИИБнин тажрыйбалуу милиция кызматкерлеринен тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.

Январь айында эле 11 адам өрттөн каза тапты

Якутскидеги токойдон кыргыз жана тажик мигранттарынын сөөктөрү көмүлгөн уруксатсыз көрүстөн табылды

Якутияда зордуктоо үчүн айыпталган кыргызстандыктар соттолду