Фото – Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков Сауд Аравияда жашаган кыргыздар менен жолугушту

Кечээ, 26-февралда Эр-Рияд шаарында КР Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков өзүнүн иш сапарынын алкагында Сауд Аравия королдугунда жашаган кыргыздар менен жолугушту. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Мекендештер министрге өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча суроолорду беришип, ошондой эле өздөрүнүн демилгелерин сунушташты. Министр баардык суроолорго жооп берип, ал жерде көтөрүлгөн маселелерди өз көзөмөлүнө ала тургандыгын билдирди. Чет элде жашаган мекендештерди колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин алдында атайын Кеңеш түзүлгөнүн жарыялады.

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *