Фото – Улуу Британия Парламентинин имаратында «Улуу Британиянын жана Евразиянын аялдары, Дипломатия жана саясаттагы он жылдыктар: чакырыктар жана лидерлик» аттуу семинары өттү

2019-жылдын 4-июнунда Улуу Британия Парламентинин имаратында «Улуу Британиянын жана Евразиянын аялдары, Дипломатия жана саясаттагы он жылдыктар: чакырыктар жана лидерлик» аттуу семинары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Британия Парламентинин Жамааттардын Палатасынын мүчөсү Хелен Грант
жана «Консервативдүү партиянын Евразиядан досторун» көрсөткөн Бота Хопкинсон тарабынан уюштурулган.

Уюштуруучулар менен бирге, дискуссияда Бириккен Королдугунда аккредиттелген Грузия, Кыргызстан, Молдова, Сербиянын аял-Элчилери жана Израиль Элчисинин аял-орун басары чыгып сүйлөдү. Чыгып сүйлөгөндөр өз дипломатиялык карьералары, өз Тышкы иштер министрликтеринде жана башка мамлекеттик кызматтарда аял-дипломаттардын абалы, ошондой эле аялдарды илгерилетүүдө негизги көйгөйлөр жөнүндө айтып беришти.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Гулнара Искакова өз сөзүндө, кайсы мамлекетте болгонуна карабастан, аялдар өзүнүн карьерасында бирдей түшүнбөстүктөргө жана кыйынчылыктарга учурашат, жалпысынан дипломатияда болобу, же башка бийлик түзүмдөрүндө болобу аялдардын саны төмөн деңгээлде экендигин белгилеп кетти. Аялдар балдарды өстүрүшөт, үй-бүлөлөрүнө тамак берип жана колдошот, алар адамзаттын жарымын жана үй-бүлөнүн маанилүү бөлүгү – коомдун негизги ячейкасын түзгөн үчүн гана эмес укуктарга жана карьера жасоого бирдей укуктуу болушу зарыл. Бирок, ошондой
эле өзүнүн уникалдуу тажрыйбасы жана ишке кылган мамилеси менен өздөрүнүн иштерин байытат.

Элчи Г. Искакова, өзүнүн өлкөсүндө аялдардын өкүлчүлүгүн бийликте болуу маселелеринин жогорулатуу жөнүндө кеп жүргүзүп жатып, Кыргызстан аялдарынын мамлекетик башкаруусунда катышуу тарыхы жөнүндө аудитория менен бөлүшүп кетти. КР Элчиси өлкөнүн өтө татаал тарыхый мезгилдериндеэлдин эки татыктуу кыздары: Курманжан датка жана Роза Отунбаеванын эң зор, намыстуу аткарган ролдорун белгиледи.

Элчилердин чыгып сүйлөгөн сөздөрү Улуу Британия Парламентинин залдарынын бирин ашыра толтурган катышуучулары: Британия Парламентинин депутаттары жана кызматкерлери, «Консервативдүү партиянын Евразиядан достору» тобунун мүчөлөрү, дипкорпустун жана Лондондогу өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү – кубануу менен кабыл алышты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *