Фото-Улуу Британияда 100 жаштагы айым өзүнөн 26 жашка кичүү мырзага турмушка чыкты

Улуу Британиянын жашоочусу Нора Уиткисс 100 жаш курагында турмушка чыкты. Анын жолдошу 74 жаштагы Мэльколм Йетс. Эки жаштын ортосундагы айрыма 26 жашты түзөт.  Үйлөнүү үлпөтү Денбишир графтыгынын Престенин шаарында өттү. Мааракеге эки жаштын жакын достору чакырылган, баардыгы болуп 30 адам келген. Салтка ылайык меймандар   жаңы үйлөнгөндөргө бакыт жана биргеликте узун өмүр сүрүүнү каалашты.

Нора айым жолдошу менен 1980-жылы бий үйрөнүү сабактарында таанышкан, ал өзүнүн узак жашоосунун сыры ар бир күнгө кубанууда экендигин айтып берген.

Булак:KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *