Фото – “Үмүт-Надежда” балдар реабилитациялык борборунда жаӊы жылдык майрам болду

Кечээ, 27-декабрда “Үмүт-Надежда” балдар реабилитациялык борборунда жаӊы жылдык майрам болду.
Мектепке чейинки топтогу балдар үчүн Аяз ата менен Аяз кыздын катышуусундагы театрлаштырылган көрсөтүү болду. Майрамдык иш-чарадан соӊ балдар отуруп таттуу-тарапа менен чай ичишти.
Балдарды куттуктаганы Бишкек шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары Руслан Жакышов келди. Ал кичинекей конокторду келе жаткан Жаӊы жыл менен куттуктап, ар бирине жаны жылдык белектерди тапшырды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *