Фото – Жапайы жаныбарлардын кышкы эсеби аяктады

КР Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери Улуттук академиянын окумуштуулары менен бирдикте Кыргызстандагы жапайы жаныбарлардын кышкы эсебин аякташты. Бул тууралу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.

Атайын техниканын жардамы менен эсептөө учурунда илбирс, аюу, марал, Марко Поло аркары, тоо теке, элик, каман, коён, суур, түлкү, карышкыр, улар, кыргоол, чөө жана башка жаныбарларды эсептен өткөрүштү. Ал эми Баткен облусунда Северцов аркарынын 33 башы каттоого алынды. 2017-жылы бул жерде 17 эле баш Северцов аркары бар болчу.

Дагы бир белгилей кетчү нерсе, өткөн жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолорунда биринчи жолу 18 баш марал кыштап чыкты.

Кышкы эсептөөдөн көрүнгөндөй Кыргызстанда жылдан-жылга жапайы жаныбарлар менен куштардын саны өсүүдө.

Ушул жылдын май айынан тартып июндун аягына чейин жапайы жаныбарларды эсепке алуунун жайкы сезону башталат деп  айтылат маалыматта.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *