Фотобаян – Жалал-Абад милициясы жергиликтүү 80 өспүрүмгө Ош менен Өзгөн шаарларынын тарыхый жерлерине саякат уюштурду

Бүгүн, 29-август күнү Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан балдар үчүн Ошко жана Өзгөнгө кезектеги саякат уюштурулду. Анын негизги максаты балдардын жайкы эс алуусуна мүмкүнчүлүк жаратып берүү, келечекте жакшы билим алуусуна жана коомубуздун татыктуу жарандарынан болушу үчүн убактыларын туура пайдаланууга үйрөтүү болуп саналат, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы

Саякаттын алкагында 80 жаш өспүрүм балдарга алгач Өзгөн шаарындагы тарыхый мааниси зор Мунарада болушуп, сапарын Ош шаарынын борбордук аянты менен Сулайман-Тоодон улашты. Андан соң  тарыхый баалуулуктарга кенен болгон Сулайман Тоо тарых музейинде жана  Алымбек Датка этнографиялык комплексинде да болушту. Жаш муундар Жалал-Абад облусунун баардык район шаарларынан келген.ЭККУ тарабынан даярдалган видео роликтер жана Ош шаарынын жаштары менен пикир алышуу орун алды. Ошондой эле бул иш-чарага Ош шаарынан да 30 жаш өспүрүм катышты.

ЖА Ошко саякат

ЖА Ошко саякат3

ЖА Ошко саякат4

ЖА Ошко саякат5

ЖА Ошко саякат6

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *