Франклин Рузвельт, АКШнын 32-президенти: “Мен минтип коляскада олтурам, мамлекетим болсо сазга батып баратат, деги мен киммин…?!”

Чыныгы мамлекеттик ишмерлердин эмгеги алтынды дат баспагандай жылдар эмес доорлор алмашса да эч качан унутулбайт. Ошондуктан, “түбөлүк калчу нерсе атак, даңк, бедел, асылдык, өлбөстүк дегендин өзөгү да ушунда! Дал ушундай ойлордун таасиринде дүйнөлүк масштабдагы мыкты, мамлекеттик жетекчи Ф.Рузвельттин өмүр таржымалына, адамды суктанткан чыныгы лидерлик сапаттарынын айрым бир окуяларына кайрылгым келди. Ооба окурманым, сиздер менен бирге чогуу ой жүгүртүп көрөлүбү деген маанайда…

… АКШнын 32-президенти Ф.Рузвельт бийликке келген учурда мамлекеттин экономикасы талкаланып, кыйрап жетээр жерине жетип калган. Баардык масштабда кризис муунтуп тамырын кенен жайган оор абал түзүлгөн. Банк жана каржы системасы толугу менен сазга баткан. Ири өндүрүштөр биринен бири жабылган. Аталган өлкөнүн ага чейинки жана андан кийинки бир да президенти мындай оор шартта бийлик башына келген эмес. Ошентип, Франклин Рузвельт экономикалык каатчылык эң бийик чегине жетип калганда бийликке келди. Болгондо да индвалиддик коляскага олтуруп. (Бул адам биликтин бийик сересине келгенге чейин эле андан 10 жыл мурун, 39 жашында айыкпас шал оорусуна чалдыгып өз алдынча басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган.)

Бир жолу Ф.Рузвельт иш бөлмөсүндө жалгыз олтуруп үнүн бардыгынча кыйкырып, “мен минтип коляскада олтурам, мамлекетим болсо сазга батып баратат, деги мен киммин?” деп алдындагы үстөлдү муштуму менен катуу бир коет… Анын лидерлик көсөмдүгүн карасаңыз, чыны менен эле шал болуп олтуруп Американын экономикасын балчыктан сууруп чыгат(!) Ушундай кыйын, акылмандыгынанбы, Рузвельт 20-кылымда ааламдагы бирден бир эң күчтүү саясий фигура катары айтылып келет. Өз өлкөсүнүн тарыхында ал мамлекетин өнүгүүнүн жаңы нугуна бурган биринчи президент болгон. Кийин бийликтен өз каалоосу менен баш тартса да американын эли 4 жолу катары менен аны президентикке көрсөтөт, шайлайт. Мындай сый-урмат Америка Кошмо Штатынын тарыхында алигиче боло элек…

Бул лидер тууралуу аргасыздан эскерип жатканымдын себеби- Жаратканым ар кимдерге эле ыроолой бербеген ушундай ажайып жерде жашап жатсак да, бейиштин төрүндөй болгон абасы таза, суусу тунук, керемет жаратылышы бар Кыргызстаным өнүгүн-өсүп өз жолун таап кете албай өзөрүп олтургандан жазылган ойлорум… Биздин башкаруучу  жогоруда кеп кылып өткөн Ф.Рузвельт сыяктуу “деги мен киммин ?” деп үстөлдү бир урганга жарабай жатпайбы?! Кадрдык дайындоолордун кейпин баарыбыз эле көрүп жатабыз, кайда караба өң-тааныш жердешчилик, тууганчылык. Аларга жүктөлгөн мамлекеттик милдет колдорунан келеби, жокпу алар үчүн чпоку, иши кылса бир майлуу кызматтын мамык креслосунда отургандарына курсант. Ошол “кыйындарыбыз” ылдый жакты бир эңкейип карап көрүшсүнчү? Көпчүлүктүн турмушу арабөк абалда. Эл өзү менен өзү. Социалдык лифт деген дээрлик токтоп турат. Тилекке каршы карапайым элдин жашоосундагы ушундай реалдуу картинаны жогоркулардын эч кимиси мойундарына алгысы келбейт…

Булак: «Айгай-пресс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *