Бишкекте Франциядан жана Саудиядан келишкен 2 кыргыз жаранынан таажывирус табылды

Бүгүн, 21-мартта таажывируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдиргендей Кыргызстанда дагы 2 жарандан таажывирус табылган.
Жуктургандардын 1 адамы Франциядан келип, “Манас” эл аралык аэропортунун авиабазасында жайгашкан обсервация борборунда болчу, ал эми экинчиси – кичи ажылыктан кайтып, Бишкек шаарындагы “Ак-Кеме” мейманканасында изоляцияга алынган жаран.

“Кыргызстанда коронавирус жуктурган акыркы эки адам – 1996-жылкы жана 1994-жылкы эркектер. Франциядан учуп келген 24 жаштагы КР жараны “Манас” эл аралык аэропортундагы обсервация борборунда жайгашкан. Ал эми, экинчиси, кичи ажылыктан кайткан 26 жаштагы КР жараны Бишкек ш. “Ак-Кеме” мейманканасында изоляцияга алынган”, – деп айтылат билдирүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, COVID-19 вирусун жуктургандардын бардык учурлары сырттан келген.

Булак: KyrgyzToday.kg            

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *