Футбол федерациясынын “Кыргыз футбол союзу” болуп өзгөргөнүнүн себептери анык болду

“Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы” коомдук бирикмеси 2020-жылдын 1-январынан тарта жаңы юридикалык жак – “Кыргыз футбол союзу” юридикалык жактардын бирикмесине өткөндүгүн билдирет. Мындай чечим “КРнын футбол федерациясынын” 2019-жылдын 14-ноябрында өткөн кезексиз конференциясында 39 делегаттын макулдугу менен кабыл алынган.

Өзгөрүүлөр биринчи кезекте юридикалык негизде жүргүзүлгөн. Анткени, ФИФА жакынкы убакыттан бери өз уставына тиешелүү өзгөрүүлөрдү киргизди. Мындан улам, буга чейинки “Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын” коомдук бирикмеси уюштуруу-укуктук таризи мындан ары ылайыктуу жана эффективдүү болбой калды. Андыктан, кабыл алынган юридикалык жактардын бирикмеси КРнын мыйзамдарына ылайык жана азыркы учурдагы эң оптималдуу уюштуруу-укуктук тариз болуп саналат. Бул бирикменин алкагында, негизги футбол уюмдарынын коомерциялык эмес уюмдар менен тыгыз иштөөгө, чогуу иштеген ишмердүүлүктү бир багытка салуу жана керектүү кызыкчылыктарды чогуу көрсөтүү менен коргоого мүмкүн болот.

Конференциянын жыйынтыгында 2020-жылдын 1-январынан тарта “КРнын футбол федерациясы” коомдук бирикмесине тиешелүү спорттук жана башка укук, милдеттемелерди Эл аралык футбол ассоциациялардын федерациясы (ФИФА) жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) мүчөсү катары “Кыргыз футбол союзу” юридикалык жактардын бирикмесине өткөрүлүп берилсин деген токтом кабыл алынган.

“Кыргыз футбол союзу” юридикалык жактардын бирикмеси Эл аралык футбол ассоциациялардын федерациясы (ФИФА) жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Кыргызстанда футболду өнүктүрүүгө жооптуу жалгыз спорттук уюм катары толук укуктуу мүчөсү болду.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *