Футбол: Кыргызстан менен Палестинанын достук беттеши болот

Үстүбүздөгү жылдын 11-июнунда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы Борбордук стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча улуттук тандалма командасы Палестинанын тандалма командасынын жолдоштук беттеши өткөрүлөт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы маалымдады.

Жолдоштук беттешүү кечки саат 8.00 башталат.

Мындан мурда Кыргызстан менен Палестина тандалма командалары беш ирет беттешип, кыргызстандыктар эки жолу утуп, эки ирет тең чыккан. Ал эми палестиналыктар кыргыз футболчуларын бир ирет жеңип алышкан.

Мелдешти көрүп, командаларды сүрөөнгө алуу үчүн билеттерди 1-июндан тарта стадиондун кассасынан жана сатуучулардан сатып алууга болот.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *