Футбол: Кыргызстандын уландар тандалма командасынын Азия биринчилигиндеги атаандаштары аныкталды

Кыргызстандын 16 жашка чейинки курактагы тандалма командасы Азия чемпионатынын мыктыларды тандоо турунда Ирак, Ливан жана Бириккен Араб Эмираты менен беттешмек болду.

Жалпысынан уландар арасындагы футбол таймаштарында Азия континентиндеги 52 команда 11 топко бөлүнүп, чукукулак кармоодо Кыргызстандын уландар тандалма командасы F тайпасына туш келди.

Кыргызстандык уландар өзүнүн оюндарын 2019-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарында өткөрүшөт.

Мыктыларды иргеп алуу мелдештеринин жыйынтыгы боюнча Азия биринчилигинде 16 тандалма команда финалдык беттешүүлөргө укук алышат. Алар өз тайпасында биринчи орунду ээлеген 11 команда жана экинчи орунду ээлеген 5 мыкты команда болуп саналат.

Азыркы учурда бул курактагы уландар арасында Жапония өлкөсүнүн жаш футболчулары Азия чемпиону. Алар 2018-жылы финалда Тажикстанды утуп, алтын байгенин ээлери болушкан.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *