Футбол талаасына чуркап чыккан күйөрмандын иши сотко өткөрүлүп бериле турган болду

Кыргызстан менен Мьянманын футболчуларынын беттешинде футбол талаасына чуркап чыккан күйөрмандын административдик иши сотко өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 16-январда билдирди.

Алардын маалыматына караганда, 30 жаштагы күйөрмандын, 1989-жылы туулган А.Э.нин иши Жоруктар жөнүндө кодекстин 119-беренеси (“майда бейбаштык”) боюнча каралууда.

Эске сала кетсек, былтыр, 10-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорт ордосунда Кыргызстан менен Мьянманын футболчулары беттешип, кыргызстандыктар 7:0 эсебинде жеңишке жеткен. Ошол беттеште оюн талаасына бир күйөрман чуркап чыгып, милицияга кармалган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *