Галбай Шайдуллаев: “1967-жылы студенттердин козголоңун КГБ бир түндө баскан”

–Галбай ава, өткөн кылымдын алтымышынчы жылдары жогорку кызматтарда иштеген бир топ жетекчилер өздөрүнчө уюшуп,ошол кездеги биринчи катчы Турдакун Усубалиевди иштен кетиришмекчи, анын ордуна Чыңгыз Айтматовду сунуштамакчы болушкандары, бирок, ал ойлору ишке ашпай калгандары айтылып жүрөт. Эми сиздин айтууңузга караганда, ал “заговордун” эпкини студенттерге да тийген экен да?
–Мен окууга 1967-жылы өттүм.  Мектепти бүткөндөн кийин бир жыл айылда жүрдүм. Ал кезде агасы армияда болсо, келгиче кичүүсүн албайт эле. Агам 1962-жыл келди, мен 63-жылы кеттим.1965-жылы кайра келип, эки жыл чарбада иштедим. Ал жерден мени жолдомо менен, жүз пайыз совхоздун эсебинен  политехникалык институттун курулуш факультетине жөнөтүштү. Эч кандай колдоосу, жөлөк-таягы жок эле эки төрт, бир үч менен өтүп кеттим. Жарым жылдык билинбеди. Он күндөй каникулда жүрүп келсек, балдар суюлуп калыптыр. Группада 30 бала болсок, ошонун жыйырмадайы эле калыптыр да. Калганы каякта десек, “отчисление болушту” дешет. Начертательная геометрия, геодезия, сопротивление материалов деген кыйын сабактар бар эле. Бүт орусча. Бир бөлмөдө төртөөбүз жатабыз. Таластан экөө, көлдөн бирөө, Баткенден жалгыз мен. Тиги үчөө өздөрүнчө  гүвүр-гүвүр сүйлөйттөр, мени карап-карап коюшат, бирок, эч нерсе айтышпайт. Мен өзүм деле кулак салбай сабак менен убарамын. Светти коюп алып, убактыңдын көбү чертеж чийиш менен өтөт. Олорго маани бербепмин. Олор да мага көңүл бурбайттар. Мени “сарт” деп коюшат. Түштүктүктөрдү бүт сарт деп коюшат эле о маалда. Бир күнү мени чакырышып, үч максат менен митинг уюштурмакчы болуп атышкандарын айтышты. Биринчиси, бүт институттардагы программаларды кыргыз тилине которуу. Талкууда биз баарыбыз бул талапка тилектеш болдук. Бир группада отуз студент болсо, беш жылдын ичинде бүтүп кеткенче он-он эки студент калат экен. Экинчиси, Турдакун Усубалиевди кызматтан кетирип, анын ордуга Чыңгыз Айтматовду коюу. Үчүнчүсү, политехтин ректору, академик Сухомлиновду кетирип, ордуга окуу  боюнча проректор  Усубакуновду коюу. Ал өзү математика илиминин кандидаты, күчтүү илимпоз эле.  Бирок, орус Сухомлиновдун ордуга кыргыз Усубакуновду дайындоону талап кылуу – бул улутчулдукка жатмак. “Уюштуруучуларга барып айткыла, үчүнчү талабыңар туура эмес, бул улутчулдук болуп калат” десем, эч кимиси кулак салбадылар. Талаптарды кагазга түшүрүп, студенттерден үч өкүлдү Москвага жибермей болушту. Алар барган соң каттоодон өтүш керек эле. Жетинчи март  күнү “Москвага жеттик, эртең саат ондо кабыл алууда болобуз” деген кабар келди. Эртеси күнү биз да өкмөт үйүн көздөй марш менен бармакпыз. “Манас” кинотеатрынын алдына чогулуп, андан ары аянты көздөй агылып жөнөмөкпүз. Кыргызстан боюнча бүт окуу жайларына  “келип, катышкыла” деп кабар берилген. Бирок,  бул маалымат каяктан ”утечка” болгон, билбейм, бизди жетинчи март күнү түнү мен басып калышты.
Басканда кандай?
–Түндө он эки-бирге чейин уктамай жок да. Чийме чийип, үч-төрт саат чырым этебиз да кайра туруп кетебиз. Шонтип чийип отурсак эле эшик такылдап, үч-төрт киши кирип келди. Документтерин көрсөтүп, эртең майрам жок (8-март майрам эмес беле?), сабакка барасыңар. Ар бириңерди фамилия боюнча текшеребиз” деди да башка сөз айтпай чыгып кетишти. Эртеси сабакка бардык. Кеңеш экөөбүздүн факультетибиз бир болгону менен группаларыбыз эки башка. Ал архтектура, мен курулуш бөлүмүндөмүн. Актовый залда чийме геометриядан лекция окулуп жатканда бир киши кирди да мугалимди ымдап чакырды. Агай  чыгып кетип, эки мүнөттөн кийин кайра кирди да мени фамилиямды атап, “китептериңди алгын да сыртка чык” деди. Чыксам машинага отургузуп, бир жакка алып барыштылар (каяка алып барганын каравапмынам). 404-бөлмөдө мени менен чогуу жашаган балдар тууралуу сурашты. Кеңеш аттуу жигит Чыңгыз Айтматовдун инилери болот экен. Бизге айтпай жүрүптүр. Митингдин уюштуруучуларын  бири да ошол экен. Туура, чогуу жашап  жүрдүк, бирок, аларды жакындан тааныбайм. “Мен өзү биринчи курста болсом, окууга жаңы келсем, каяктан тааныйм?” дедим. “Митинг жөнүндө айткандарын да укканым жок” дедим. Шол күндөн нары сүр-бери сүр башталды. Орто бойлуу бир киши дайыма мени коштоп, алып жүрдү. Бир жерден тамак бердилер. Бирок, кайдын тамак өтсүн. Бир стакан кофе ичип эле болду дедим. “Бар, кете бер” деп койду. Бөлмөмө барсам менин кроватым турат, үчөөнүн кроваты боп-бош. Жайдакталып, кроваттын зым тору эле калыптыр. Китеп, матрас дегендерден эчтеке жок. Идиш-аягы дагы жок. Кыскасы, жашоо бүткөндөй эле болуп калат экен. Сабакка барсам бүт мени тиктейт. Залга кире бериш жерге  “404-бөлмөнүн тополоңчулары”  деп чоң кылып жазып коюптур. Жанагы үч жигиттин сүрөтү турат, төртүнчүсү болуп мен турам. Эптеп эле күнүгө сабака бырып келем. Же уйку келбейт. Бешинчи күнү дагы сабактан алып чыгып кетишти. Асанкулов өзү сурак кылды. Бою узун, келишкен киши экен. Алдыбызда орустар дагы турат. “Коркпогун, кыргызча эле сүйлөй бер. Досторуң туура эмес ишти уюштурушкан. Алар бара турган жерге барышты. Жалгыз сен Баткенден экенсиң, ошон үчүн калдың. Билебиз, сен буларга кошулган эмессиң. Өндүрүштө иштепсиң, алты жылдык стажың бар экен. Ошон үчүн билгениңди жашырбай айтып беришиң керек” деди. “Мени кыйнабаңыздар,  эчтеке билбейм” десем, “билесиң, бирок , коркуп турасың” деди. Эч нерсе айткан жокмун. Тогузунчу күнү актовый залдан дагы алып чыгып кетишти. Машинага салып, түз эле БКнын имаратына  алып барышты. Төртүнчү кабатка чыктык. Эшиктин сыртына жогорку окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Ткаченко (же Кравченко беле?) деп жазылып туруптур. Кирсем, жашы бир топко барып калган ак чач киши отурат. Жумабек Асанкулов да ошол жерде экен. Корккон да, титиреген да жокмун. Болгону ыраңымда кан жок. Мурда кандай сөздү айтсам, бул жолу да шону кайталадым. “Бар, бара бер” деп коюшту. Арадан дагы үч күн өткөндөн кийин шол жерге дагы алып барышты. “Билгениңди айтпай жатасың, бирге жашап кантип эле эч нерсе билбей каласың? Тигилердин кылганы улутчулдук болуп жатат. Сухомлиновдой ректор эч жерде жок. Институтту кармап турган ошол киши” деди. Мен жанагы сөзүмөн тайганым жок. Барибир окуудан айдайт деп сабакка да барбай койдум. Бир күнү башкы корпуска барган балдар “сизге буйрук чыгыптыр” деп келишти. Барсам, жанагы тополоңчулар деген жазууну алып сылышыптыр, бирок, буйруктардын арасында мени окуудан чыгаруу жөнүндөгү буйрук илинип  турат. Бир дагы окуу жайга кабыл алынбасын дептир. Ага ончолук кайгырган деле жокмун, түрмөгө жатканга караганда окуудан чыккан жакшы да.
Берки шериктериңизди кийин көрдүңүзбү?
–Жок, бирин дагы көрбөдүм. “Бирге жаткан экенсиңер” деп же туугандары келген жок мага. Декандын орун басары  немис киши эле, өзү бизге геодезиядан сабак берчү. Башын чайкап, “билип турабыз, сен эмес, тигилер кылган” деди. КГБдан келгендерге дагы бул аралашкан эмес дептир. Тиги балдар да мени “эчтеке билбейт” деп көрсөтмө беришсе керек. Мени бир Кудай сактады да түрмөдөн. Усубакуновду проректорлуктан алып салышты, анын кадрларын дагы бардыгын иштен шыпырышты. Институтта кыргыздар дээрлик калбай калды. Бир жылдан кийин бекен, Усубакунов женпедге улук окутуучу болуп дайындалганын гезиттен окудум. КГБнын күчүнү ошондо көргөнбүз. Тып эле басышты. Газитка да чыккан жок.
–Баткенге кайра барып эмне иш кылдыңыз?
–Биз окуган мезгилде студенттерге 35 сомдон стипендия берет эле. Мен болсо директордун фондудан 10 пайыз кошуп, 45 сом алчумун. Шону кайра төлөттүрүп алышат го деп ойлогом. Совхоздун директору Бутаев деген улуту осетин киши эле. Эчтеке деп айткан жок. Мен өзүм “силерге институттан кагаз келдиби?” деп сурасам,  “келди” деди. “Эми эмне кылабыз?” дейт. “Эмне кылат элек, бир короо кой бересиз да. Инженерлик бүттү, эми койчу болобуз” дедим. Күлөт. Өзү зоотехник эле да. Курулушка мастер кылып койду. Кийин прораб, бухгалтер  болдум. Ошону менен 20 жылдай бухгалтер болуп иштедим. Сексенинчи жылдары Оштон экзамен тапшырып, Фрунзедеги финансы-экономикалык техникумун сырттан бүтүрүп алдым. Бу маалда жашым элүүдөн ашып калган. Кичинекей болсо да кагаз болсун дедим да.
Ошол бойдон сизди кайра козгошкон жокпу?
–Жок. Өзүм дагы эч негиз берген жокмун. Бухгалтер болгондон кийин жылыга ревизия келет да. Эч нерсе таба алышчу эмес. Башка бухгалтерлердин баарына штраф салат, мага бир дагы тыйын сала алышпайт. Бирге иштегендердин баары мени “чекист” деп коюшчу. Акаевге үч жолу кат жөнөттүм. Мал чарбачылыгы, талаачылык, техника, курулуш, каржы иштери боюнча дадилдеп-далилдеп туруп жазгам.
–Азыр канчага келдиңиз?
–75.
Керим Мурас
Булак: “АЗИЯnews”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *