Генерал Суваналиевдин Акүйгө келиши – жаздагы “бороонго” даярдык

Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын орун басарлыгына Өмүрбек Суваналиевдин дайындалышы коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды. Эске салсак, Өмүрбек мырза Бабановдун эл көзүндөгү таянычы катары жүргөн, шайлоодо кызмат кылган, бирок, ал качып кеткенден кийин мамлекет үчүн иштөөнүн жолун тапканы туура болду. Таластыктар да бийликтин мындай колдоосуна туура түшүнүшүп, баа беришүүдө. Аныгында, президенттин айланасында элге жүзү жарык кадрлардын көбөйүшү зарыл. Эгер эртең кандайдыр бир деңгээлде нааразычылык акциялары башталып, катуу дооматтар айтылса, анда «Комиссар Каттани» Акүйдөн чыгып, эл менен сүйлөшө алат. Бир учурда өзү да митингдерди уюштуруп, каршылык көрсөтүү боюнча тажрыйба топтогон. Дагы бир жагдай, коопсуздук кеңешинде негизинен теоретиктер отурса, генерал Суваналиев практика жүзүндө реалдуу анализдерди жасай алат. Ал мындан ары президенттин ишенимине кирсе, өз алдынча күч органдарын жетектеп кетүүсүнө шарт түзүлөт. «Атаң алтымышка чыкканда, алдап-соолап күчүн ал» деген кыргыздын кеменгер кеби бекер жерден айтылбагандыр. Айтор, арканды алыс ыргытуу менен келечекке дүрбү салып турууга кез келди окшойт…

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *