Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Генпрокуратура 6-октябрда Ак үйдү басып алуу учурунда эркиндикке чыгып кеткен бардык айыпкерлерди абакка кайтып келүүнү талап кылат
Криминалдык хроника жана окуялар

Генпрокуратура 6-октябрда Ак үйдү басып алуу учурунда эркиндикке чыгып кеткен бардык айыпкерлерди абакка кайтып келүүнү талап кылат

Учурда ар кандай сот органдары жана Аскер прокуратурасынын тергөө тобу А.Атамбаевге, С.Исаковго, А.Ибраимовго, Д.Мусакеевке, Ф.Ниязовго, К.Сагымбаевге, Д.Зилалиевге, Р.Жээнбековго, М.Мискенбаевге, Ф. Баабиевге, Карыпбек уулу Р.га, К.Осмоналиевге, Ж.Сатыбалдиевге, С.Авазовго ж.б. адамдарга карата козголгон кылмыш иштерин карап, териштирип жатышат. Бул тууралуу генпрокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Жогоруда айтылган айрым адамдарга карата сот жаза өтөө жайларын аныктоо менен тиешелүү өкүмдөрдү чыгарган.

Бирок жогоруда аталган адамдар камакта кармоонун белгиленген тартибин бузуп, жазасын өтөп жатып, сотторду, СИЗОнун администрациясынын кызматкерлерин өлтүрүү, денесине залал келтирүү коркунучу астында, 2020-жылдын 5-октябрынан 6-октябрына караган түнү түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, камактан жана жазасын өтөп жаткан жерлерден мыйзамсыз чыгып кетишкен.

Эркинен ажыратуу жайынан же камактан качуу, жаза өтөөдөн качуу, жазык-аткаруу тутумунун кызматкерине карата коркутуу же зомбулук, сот адилеттигине, сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуп-үркүтүү же күч колдонуу үчүн жоопкерчиликке тартылат.

Соттолгон жана камакка алынган адамдардын укуктук статусун калыптандыруу Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүшү керек.

Ошентип, КР Башкы прокуратурасы 2020-жылдын 5-октябрынан 6-октябрына караган түнү камактан жана жазасын өтөп жаткан жерлерден мыйзамсыз чыгып кеткен адамдардын бардыгын жазаларды жана жазык мыйзамдарынын мажбурлоо чараларын аткарган органдардын жана мекемелердин администрациясына келүүнү талап кылат.

Талаптар аткарылбаса, укук коргоо органдары мыйзамда каралган катаал чараларды көрүшөт.

Январь айында эле 11 адам өрттөн каза тапты

Якутскидеги токойдон кыргыз жана тажик мигранттарынын сөөктөрү көмүлгөн уруксатсыз көрүстөн табылды

Якутияда зордуктоо үчүн айыпталган кыргызстандыктар соттолду