Генпрокуратура: Азиз Батукаевди экстрадициялоо маселеси 2021-жылы каралышы мүмкүн

Бүгүн, 21-майда ЖКнын жыйынында депутат Жыргалбек Турусбеков кримтөбөл Азиз Батукаевди Кыргызстанга алып келүү боюнча кандай иштер жүрүп жатканыдыгына кызыгып, бул тууралуу суроону башкы прокурорго узатты.

Өткүрбек Жамшитовдун айтымы боюнча, Азиз Батукаевди экстрадициялоо маселеси Чеченстанда жаза мөөнөтү аяктагандан кийин каралышы мүмкүн.

“Азиз Батукаев Чеченстандык Грозный шаардык сотунун 2017-жылдын 7-августундагы өкүмү менен 4 жылга эркинен ажыратылган экен. Бүгүнкү күндө ал жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бизге экстрадициялоо маселеси анын жаза мөөнөтү бүткөндө, 2021-жылы каралышы мүмкүн деген жооп келген” – деп билдирди Өткүрбек Жамшитов.

Эсиңиздерге сала кетсек, оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Атамбаев бийликте турган үчүн бул иш жабык бойдон калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин, алты жылдан кийин, бул иш кайра козголуп, бир топ тиешеси бар адамдар соттолуп, үй камагына чыгып отурат. Жыйынтыгында, Атамбаев өзү да абакка отуруп калды, тагырагы, Батукаевдин ишине байланыштуу ага «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *