Германия таасиринен Кыргызстандагы жемкорлук менен жалкоолуктун көзгө көрүнгөнү

Жакынкы күндөрдөн бери эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде бир топ чуу болду. Жөлөк пул, пенсиядагы коррупция, министр, министрдин орун басарларынын эл ырыскысы менен саякаттап, сайрандап жүргөндөрү айкын болду. Жарыбаган пенсия, жөлөк пулга жетпеген миңдеген жарды үй-бүлөлөр, оорукчан балдар жүрөк оорутат.

Учурда Германияда жашап, биздин өлкөдөгү жашоого жүрөгү ооруган Замир Беделбаев ага менен маек курдук.

18 млн.киши камкордукка алынат

– Бул жакта эки балам, келиндерим, неберелерим менен турам. Келгениме туура эки жыл болот. Беш миңдей кыргыздар бар. Камкордуктарына алып, айына 380 евро төлөп беришет. Эми пенсияга чыгууга даярданып жүрөм. Пенсияга 450 евро төлөнөт. Дарылануу, жол кире баары акысыз. Германияда беш-алты жыл жашагандан кийин каалаган жериңе жашай берсең болот. 18 млн. киши иштебейт. Бирок, жашоолору камкордукка алынган. Медицина акысыз. Бир жумада эки ирет биздин акча менен 180 сом төлөп, супер-маркеттен каалаган кант, чай, нан, сүтүңдү алып кетесиң. Биз союз убагында «коммунизмди курабыз» деп кыялданып жүрүп, кайра капитализмге кептелдик эле го? Бул жакта болсо эчак эле коммунизди куруп алышыптыр. Сыртта жашаганда баарына көзүң жетет экен. Кыргызстан жемкорлук менен жалкоолуктун айынан жакшы жашоого жете албай келет. Аз элибиз, керемет жерибиз менен керемет жашоону куруп алсаң болот. А биз эмне кылдык? Али куса электер көп, ошолорду желкеден алып кустуруш керек…

Германияда аябай тартип күчтүү. Бирин бири сый лайт. Жадагалса сөккөнгө да болбойт. Балким бирөөгө жаман сөз айтып алсаң, жанында бирөө күбө болсо, полиция келетда айып пул төлөтөт. Биздегидей далдактатып, ары-бери сүйрөп полиция бөлүмүнө алып барбайт. Бул жакта мыйзам абдан күчтүү.

Жөлөк пул, пенсия менен эле жакшы жашаса болот

– Келиндин боюна бүткөндөн баштап карай башташты. Төрөрү менен сүйүнчүсү, коляскасын берет. Анан айына 250 евро төлөп турушат. Анын ата-энеси иштейби-иштебейби, ал бала бой жеткиче жөлөк пул төлөнөт. Бой жеткенден кийин деле бала иштебесе 27 жашка чейин 190 евродон төлөнүп турат. Бала окуса кошумча дагы социалдык төлөм катары 400 евро төлөнөт. Ошондо жалпы 700 евро төлөнөт. Жатаканада жатса, жаткан жери, тамак-ашы дагы мамлекет тарабынан каржыланат. Балдарга аябай жакшы карашат. Баласын уруп атканын бирөө көрүп калса, ата-энелик укуктан ажыратып коюшат.

Пенсионерлерге да камкордуктары абдан жогорку деңгээлде. Айрыкча аялдарга камкордуктары жогору. Ден соолугун текшерүүдөн тез-тез өткөрүп, саякаттарга жөнөтүп турат. Бизде эрди-катын мушташып, көзүн көгөртүп, кайра эртеси жашап жүрө беришет го, бул жакта аял-эркек чатакташып кетсе, бир айга экөөнү бөлүп коюшат. Кимде күнөө көбүрөөк болсо атайын бир жайга алып кетишет. Бир айга чейин телефон менен сүйлөшүүгө, 100 метр жакындаганга да болбойт экен.

Шаар мэрлери анчалык урматтуу эмес

– Шаар мэрин супермаркеттен кезиктирип калдым. Анчалык урматтуу, кымбаттуу болбой эле, жансакчылары, коштоочулары жок эле жөнөкөй адамдай жүрөт. Буларда мэрге кирүү эң жеңил, барып жазылып коёсуң, болду, «мынчаны күнү саат мынчада кел» деп чакырат. Эч көйгөйү жок, ошол убакта барып маселеңди чечип аласың. Кыргызстандагыдай бир чоңго кириш үчүн бир айлап салпактап жүрбөйсүң.

Тишимди тазалатыш керек болуп пенсионерлердин социалдык бөлүмүнөн бир кагаз алдым. Он күн ичинде жаркыратып салып берип койду. Бир тыйын алышкан жок. Киргениңде медайым бир текшерип кетет, анан кантип сууруганын, тазалаганын да билбей каласың. Биздегидей дырылдатып-чырылдатып, жабдыктары жыттанып турган көрүнүштү көрө албадым. Тишти сууруп коё берип жибербей, эттерине суук тийбесин деп тигип коюшат. Ооруканасына кирсең кофеси менен чайы кайнап турат.

Тогуз-Торолук кырктай үй-бүлө бар

-Тогуз-Тородон бир мекендешибиз жыйырма жыл мурун келиптир. Жакшы отурукташып, анча-мынча тогуз-торолуктарды чакырып отуруп, 40тай үй-бүлө бар деп угам. Италия, Бельгия, Францияда жашагандар менен сүйлөшүп калам, алар мигрант бодуп келип, өздөрү иштеп, акча таап жашашат. Ал эми бул жакта андай эмес. Келгендер дароо каттоого турат. Ооруң жокпу текшерет. 3-4 маал тамак-ашын, кийим-кечесин берип турат. Негизи бул жакта балдардын окуусуна жакшы карашат экен. Окуу күчтүү. Балдарды мындай кой, мага окшогон абышкаларды да окутушат. Бир жумада эки жолу барасың. Тил үйрөтүп, ар кандай маалыматтарды берип, эрмектешип сүйлөшүп келесиң. Балдарды бул жакта окутсаң ой өрүштөрү, түшүнүктөрү он-жыйырма жылга алдыга кетет. Акыл-эстери бат жетилет. Балдар өздөрү эле аракет кыла башташат.

Бул жакта биздин чоңдордун балдары абдан көп. Окууга абдан катуу көңүл бурушат. Мисалы, медициналык билим алып жатсаң үч күн сабакта, эки күн практикада жүрөсүң. Кой багыш үчүн дагы үч жыл окуйт экенсиң. Анын ичинен ветеринардык билим, трактор, машина айдаганды үйрөнөт экенсиң. Үч жыл сени кыймылдатпай окута берет.

Ал эми каза болгон адамды үйүнө коюшпайт. Мүрзө жакка жакын жайгашкан атайын сөөк коюучу айнек муздаткычтар болот. Ошол жакта сактап, эмнеден каза болгон себебин өтө тыкыр иликтешет экен.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *