Геронтологиянын бардык мыйзамдарына каршы, кыргызча жашап, бирок 100 жашты багындырган согуш ардагери Канкул Усупбеков

Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургуну, Экинчи дүйнөлүк согуштун же бизче айтканда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Усупбеков Канкул аба адам организминин каруу процесстерин, узак жашоонун сырларын иликтеген дүйнө геронтологдорунун “канткенде узак жашоого болот?” деген суроого жооп берген гипотезаларына караманча каршы, тескери, кыргызча жашап эле, туптуура 100 жашка чыгып, 2010-жылы көзү өттү. Кыргыздын салты боюнча “энесинин курсагындагы жашы менен 101ге чыкты” деп жерге беришти. Ал эми паспорту боюнча анын туулган жылы 1900-жыл деп көрсөтүлүп, 2010-жылы 110 жашка чыккан болчу.

Бүгүн, 2020-жылдын 9-майында Россиянын Коргоо министрлигинин борбордук архивинин сайтынан ал киши тууралу маалыматтарды издеп көрсөм:  Усупеков Канкул, 1905-жылы туулган деп жүрөт. Бирок Канкул аба өзү көзү тирүүсүндө “мен уй жылы, азыркыча жыл сүрүштүргөндө 1910-жылы туулгам” деп өзүнүн жашын дайыма документтегиге караганда 10 жашка кичирейтип айтып жүрчү.

Ошентип, согуш ардагери Канкул аба геронтологдордун бир да сунушун аткарган жок, бирок 100гө чыкты, кантип? Кыргыздын геронтологдору мына ушунун сырын изилдешип, ачып беришсе жакшы болмок.

Биринчиден,  адистер адам узак жашоо үчүн спорт менен дайыма машыгып туруусу керек деп акыл айтышат. Биздин Канкул аба спорттун бир да түрү менен машыкканын көргөн жокпуз. Дегеле спорт менен иши жок болчу. Чуркаганын, штанга көтөргөнүн, боксташканын же башка бир спорттун түрү менен машыкканын элестетүү да мүмкүн эмес.

Экинчиден, адистер адам узак жашоо үчүн туура тамактануусу керек:  жашылча-жемиш адам рационунун 90 пайызын түзүп, майлуу этти (белок)  жебеш керек, ал эми камыр оокатты (углевод) чектеп жеши зарыл деп акыл айтышат. Бирок биздин Канкул аба өмүр бою майлуу эт менен камыр (бизде күлчатай деп коюшат) же күрүч (бизде аш деп аташат) жеп өттү. Тескерисинче 90 пайыз майлуу  эт, камыр, күрүч болсо 10% жашылча-жемиш (пияз, картошка, сабиз) болду. Тамактын миң түрүн тандап жеген жок, негизинен дайыма бирдей , окшош рационду: камыр, күрүч, эт кармады. Жаштыгы 1916-жылдагы үркүн, 1917-жылдагы төңкөрүш, 30-жылдардагы азык-түлүк тартыштыгы, 1941-45-жылдардагы согушка туш келип, тоюнуп тамак жеген жок, тамак тандаганга шарт болбоду.

Үчүнчүдөн, адистер адам узак жашаш үчүн акыл эмгеги менен көп алектенип, дайыма өзүн интеллектуалдык жактан өстүрүп турушу керек деп акыл айтышат. Биздин Канкул аба өмүр бою колхоз кайда айдаса ошол жакта кара жумушта иштеп жүрдү. Пенсияга чыккандан кийин өзүнүн жеке  мал чарбачылыгы менен алек болду.

Төртүнчүдөн, адистер адамдын узак жашоосу үчүн жакшы экологиялык шарт керек дешет. Айрыкча тоо арасында узак жашаган кавказдыктарды мисал келтиришет. Бирок Канкул аба тоодон  5-7 чакырым алыстыкта, Карабайырдын шамалы соккон жайдак жерде, Өзбекстан менен чектеш Чиеке айылында жашады. Кышында Карабайырдын шамалы урат, жайында күн ысык, чаң, суу тартыш. Ошого карабай Канкул аба 100гө чыкты.

Бешинчиден, адистер адам узак жашоосу үчүн ар кандай стресстерден оолак болуусу зарыл деп акыл айтышат. Стресс адамдын саламатчылыгына терс таасир берип, көп ооруулардын өрчүшүнө өбөлгө болот, өмүрдү кыскартат деп эсептелет. Бирок биздин Канкул абанын бүт өмүрүн  стресс коштоп жүрдү. Улуу Ата Мекендик согушта ач калып, ток калып, суугуна тоңуп, ысыгына күйүп, кан кечип, Берлинге чейин жетти. Потсдам шаарында 1945-жылдын сентябрына чейин аскерде болуп кайткан киши. Миңдеген жаш жигиттердин өлүмүн, суудай аккан канды, колу же буту үзүлүп жайрап калган жаштарды  көрдү.

Ушунун баарына өчөшкөнсүп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Усупбеков Канкул абабыз 100 жашты багындырды. Жакшы, бакубат жашады. Үч кыз, эки уулдуу болуп, небере-чөбөрөлөрүнүн тойлорун көрүп, анан дүйнө салды.

СССР учурунда жеке менчик чектелип, бир үй-бүлөгө 10 кой, 1 уй жана 1 жылкы гана кармоого уруксат берилчү. Жылда алган төлүңдү сатып же союп жеп, малыңдын жалпы санын ушунчадан ашырбашың керек эле. Ашыкча баксаң, билинип калса мамлекет конфискация кылып, социалисттик менчикке алып койчу. Мындан ашык мал багуу кылмышка тете эсептелчү. Ушуга карабай Канкул аба тобокелчиликке барып, социалисттик мамлекеттен жаап-жашырып, 100дөн ашык кой, 1 үйүр жылкы, бир нече уй бакчу. Биздин Кош-Дөбө айылынын ошол кездеги эң бай кишиси эле. 1990-жылдарда жеке менчикке чектөө алынып салынгандан кийин Канкул абанын койлорунун саны 1000ден ашып, жылкысы 5-6 үйүр болуп, сааган уйлары 10дон ашканын айтып калышчу. Кыскасы капиталисттик эмгектин да баатыры болчу.

Биз бала кезде, 1970-жылдарда, жыл сайын 9-май жеңиш майрамында Канкул Усупбеков абабыз мектептеги ардактуу меймандардын бири болор эле. Жолугушуулардын биринде “Канкул аба, сиз “Кызыл жылдыз” орденин кайсы баатырдыгыңыз үчүн алгансыз?“ деген суроого төмөнкүдөй жооп бергени эсимде:

“1944-жылы согуш кызуу жүрүп турган учурда мен 12 жоокерден турган артиллериялык бөлүмдө снарядчы болчумун. Анан түндө же согуштан эс алып уктаганыбызда кезектешип, ар бирибиз эки сааттан кароолдо туруп, калганыбыз уктачубуз. Бир күнү түндө мен постто турганда караңгы тараптан шыбыш угулгандай болду, анан бир караан көзүмө көрүнгөндөй сезилип, кайра жок болуп кетти. Ошол жакты тирмийе тиктеп, мээлеп туруп атып калдым да тревога көтөрдүм. Мен аткан жака чуркап барсак, 1 немис разведчик өлүп калыптыр да калгандары качып кетишиптир. Көрсө бизден “тил” кармап кеткени келген немистердин разведгруппасына саал жерден жем боло кала жаздаппыз. Уктабай, үргүлөбөй, тирмийип олтурганым жакшы болгон экен, баарыбыз аман калдык. Анан командирлер мени “Кызыл жылдыз” орденине көрсөтүшүп, сыйлык алгам”, деп калчу Канкул аба.

 

Бүгүн, мен караган Россиянын Коргоо министрлигинин согуш жылдарындагы архивинде чын эле бул ордендин тарыхын ушундай көрсөтүшүптүр.

1942-жылы 12-декабрда Кыргыз ССРинин Жалал-Абад облусунун Караван райондук аскер комиссариаты тарабынан аскерге чакырылган Сталин колхозунун колхозчусу Канкул Усупбеков Россиянын Елец шаарында даярдыктан өткөндөн кийин 790 ап 250 сд 3 А аскер бөлүктөрүндөгү миномёттук бөлүмдөрдүн снарядчысы болуп кызмат өтөөгө жөнөтүлөт.

1943-жылы январдан баштап согушка кирип, Украинаны, Белоруссияны жана Польшаны фашисттик баскынчылардан бошотууга катышат. Андан ары Германияны алууга катышып, Берлинге жетип, акыры Потсдамда токтойт.

1944-жылы августта Пески деген жерде миномёттун снарядчысы катары немистер менен согушка кирип, снарядды тынбай ташып, миномётту октоп берип туруп душмандардын 2 пулёметун жана 20 аскерин жок кылууга, Кркики деген жерде кагылышта немистердин 3 пулёметун жана 15 аскерин жок кылууга катышкандыгы үчүн ефрейтор Канкул Усупбеков “За отвагу” медалы менен сыйлансын деген 15-августтагы N67-буйрук чыгып сыйланат.

1944-жылы 5-декабрда 354-буйрук менен Канкул Усупбеков ал кызмат кылган бөлүккө түндө кол салганы келген немистердин чалгынчыларынын бирин атып өлтүрүп, калганын качырган эрдиги үчүн “Кызыл жылдыз” ордени менен сыйланат.

1945-жылы майда Германияны толук жеңгенден кийин Канкул Усупбеков күзгө чейин Германияда калып, күзүндө гана өзүнүн мекени – Кыргыз ССРине кайтат. Согуштан кайтып келери менен Канкул аба Кыргыз ССРинин согуштан ыдыраган экономикасын калыбына келтирүүгө катышат. Элди бутуна тургузууга аралашып, өзү да бутуна турат.

Канкул абанын атасы Усупбектин Парман жана Наргозу деген бир туугандары болгон. Пармандын уулу Абдилла аба да 102 жашка чыгып, көзү өттү. Ал эми Наргозунун бир уулу – Атагозу аба согушка барып, жарадар болуп, госпиталдарда жатып, акыры анын ичер суусу түгөнүп баратканын сезишкенби аскер врачтары үйүнө жөнөтүшүптүр. Атагозу абабыз үйүнө эптеп жетип, Аксынын абасын жутуп, 20 күндөй эле жашаптыр. Эгер ал абабыз да согуштан жаракат албаганда 100 жашты жөн эле багындырмак беле деп ойлоп калабыз. Кыргыздын эзелки багыш уруусунун өкүлдөрү Канкул жана Абдилла абаларыбыз ушундай катаал шарттарда кыргызча, карапайым, жөнөкөй эле жашап, бир кылымды карытып, узак өмүр сүрүштү. Булардын өмүрү да изилдей турган өзүнчө бир феномен.

Төмөнкү сүрөттөрдө ефрейтор Канкул Усупбековдун согуш талааларындагы “жоокердик жолунун” карталары:

     

     

Россиянын “Память народа 1941-1945” аттуу расмий сайтынан алынды.

Ал эми төмөнкү сүрөттөрдө Канкул Усупбеков абабыздын согуштан кийинки, жакынкы эле 2008-жылдагы жай турмушунан алынган көрүнүштөр:

     

Бегалы Наргозуев

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *