GM Uzbekistan автозаводу Орусияда автоунаа курашы мүмкүн

Орусия базарынан кеткен америкалык General Motors компаниясы GM Uzbekistan туунду ишканасынын жардамы менен кайра ишмердүүлүгүн жүргүзүп башташы мүмкүн экенин орусиялык ММКлар кабарлоодо.

Айрым маалыматтар боюнча GM Uzbekistan Черкесктеги Derways заводу менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Тараптар заводдун кубаттуулугуна жараша автоунааларды чогултууну уюштурууну талкуулашууда. Кеп Ravon унаасын курап чыгуу жөнүндө болууда. Азырынча чечим чыга элек.

General Motors компаниясы өзбек брендигин негизинде кайтып келсе, америкалыктардын нейтралдуу макамы сакталып, Орусия базарында туруктуу орун алышына мүмкүнчүлүк түзүлүшү мүмкүн экенин айтылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *