Грузиянын жаңы президенти мамлекеттик резиденциядан жана кызматтык унаадан баш тартты

Грузиянын жаңы шайланган президенти Саломе Зурабишвили Михаил Саакашвили башкарып турган маалда курулган заңгыраган резиденциядан баш тартып, Тбилисидеги Орбелиани  сарайында  иштей турганын билдирди.

“Бараташвили менен Орбелиани менин ата-бабаларым болуп саналат. Ошондуктан мага Орбелиани сарайы ылайыктуу”, – дейт Грузия президенти.

“Учурдагы  резиденция мамлекеттин  символу болуп саналат. Ал жакта өлкөнүн премьер-министри, же Тышкы иштер министрлиги турушу керек. Анда сырттан келген расмий коноктор тосулат. Эми бул маселени мен эмес, өкмөт чечет. Бирок, резиденцияда президенттин жашашынын зарылчылыгы жок”, – деген ал.

Мындан сырткары, Грузиянын биринчи аял президенти “башка типтеги” башкаруучу болуу каалоосун айтып, жөнөкөй адамдар сыяктуу эле өз үйүндө жашап, азык- түлүктү базардан сатып алып, жумушуна жөө барып иштей тургандыгын маалымдаган.

Кыргызчалаган:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *