Гуламжан Анарбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 2-декабрда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Анарбаев Гуламжан Сатбалдиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы болуп дайындалды.

Бул тууралу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *