Гүлмира Кудайбердиева: Башталгыч класcтар үчүн үй тапшырма пайдасыз

-Гүлмира Каримовна, быйылкы окуу жылы кандай аяктады?

– 2017-2018 окуу жылы ийгиликтүү аяктоодо. Билим берүү кызматынын сапатын жогорулатуу максатында министрлик тарабынан билим берүүнүн баардык баскычтары боюнча бир катар иштер жасалды. Дүйнөлүк банктын эсебинен баардык региондордо кыска мөөнөттүү 120 бала бакча ачылды. Алар бала бакчалар жок, же алардын саны чектелген республиканын алыскы аймактарында жайгашып, 10 миңге жакын балдарды камтыды. Мектептеги билим берүүнү алсак, бул баскычта өткөрүлгөн реформалар өзүнүн натыйжасын бере баштады. Окуучулардын билим боюнча жетишкендиктерин улуттук баалоо изилдөөсү республикабыздын 8-класстардын окуучуларынын математика, окуу жана табигый илимдер боюнча өсүүсүн көрсөттү. Бул изилдөө азыркы учурдагы билим деңгээлин баалоодо абройлуу болуп саналат. Азыркы мезгилдин талаптарына ылайык окуучулардын жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү зарылчылыгы жаралып жатат. Ошондуктан, 2017-жылы биздин министрлик компетенттүүлүк негизде предметтик стандарттар менен ишин улантты. 5-6-класстар үчүн жаңы муундагы окуу китептери иштелип чыкты, жаңы окуу жылында окуучулар 100% окуу китептеринин топтому менен камсыз болушат. Дагы бир маанилүү кадам – 1-4-класстын окуучулары үчүн ысык тамак киргизүү боюнча бир нече олуттуу иштер жасалып жатат. 2017-2018-окуу жылы республиканын 1146 мектебинде ысык тамак берилди. Региондорду өнүктүрүү максатында республиканын 20 калктуу пункттардагы «өсүү чекити» катары тандалып алынган жана 40 райондук жана шаардык борборлорунун мектеп базаларында инновациялык мектептер түзүлөт. Алар заманбап жабдыктар менен камсыздалынып, жалпы билим берүү кластерлеринин борбору жана электрондук мектеп китепканаларынын моделине айланат. Аталган мектептерге окутуунун ар кандай элементтерин киргизүү менен (шахмат, менталдык арифметика, балдардын ден соолугун чыңдоо) базистик окуу планынын бир нече түрлөрү сунуш кылынат. Министрликтин өткөн жылдын олуттуу чечимдеринин бири – жалпы билим берүү уюмдарын аккредитациядан өткөрүү болду. Бизде республика боюнча 2 миң 236 мектеп бар. Аккредитациянын жыйынтыгынын негизинде кайсы мектепке кандай көмөк керек экендиги аныкталат. Бул мектептерге даректүү методикалык же башка жардамдын түрлөрү көрсөтүлүп, мугалимдердин квалификациясы жогорулатылат. Учурда республикадагы жалпы билим берүүчү мектептердин бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик экзамендер жүрүп жатат. Быйыл 11-классты 59700, ал эми 9-классты 93800 окуучу бүтүрүп жатат.

– Башталгыч класстар үчүн үй тапшырмасын жокко чыгарууну колдоп келесиз…

– Мен ата-эне катары үй тапшырманы башталгыч класстар үчүн жокко чыгарууну колдойм. Бул масале боюнча Дьюк университетинин психология жана неврология багытындагы окумуштуулары (АКШ) 180 илимий изилдөө өткөрүп, башталгыч класстарда үй тапшырманын пайдасы жоктугун далилдешти. Анткени бала биринчи жолу мектеп босогосун аттаганда, анын ыңгайлуу чөйрөсү толугу менен өзгөрүлөт. Бул ар бир бала үчүн чоң стресс. Баланын психикасына аяр мамиле кылып, окууга көңүлүн калтырбашыбыз керек. Биз бул тууралуу көп талкуулаганбыз.

– Өлкө боюнча канча мугалим бар, анын канчасы кыскарууга муктаж?

-Азыркы учурда өлкө боюнча 79 миң мугалим эмгектенет. Буга чейин мектептерде окуу жүктөмүн бөлүштүрүү тартиби белгилене элек болгондуктан, анын майдалануусуна алып келип, биринчи кезекте билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизип жатат. Эгерде мугалим мектепке бир саат бергени үчүн келсе, ал тиешелүү даярдык көрбөйт. Мисалы, Түштүк Корея, Сингапур жана башка билим берүү жаатында ийгиликтерге жеткен, өнүккөн өлкөлөрдө мугалимдердин жумалык окуу жүктөмү орточо 30 сааттан кем болбойт. Бизде болсо, кээ бир мектептерде ошол эле окуу жүктөмү 4-5 сааттан ашпайт. Мектеп ар бир мугалим үчүн негизги иш орду болушу керек. Бул мугалимдин жоопкерчилигинин артышына өбөлгө болот. Мунун негизинде мугалимдердин саны кыскарышы мүмкүн (азырынча саны такталып жатат), бирок министрлик бул маселенин алдын алуу боюнча иштеп жатат.

– Окуу жылын 10-сентябрда баштоо сунушунун артыкчылыгы кандай?

– Мектептердеги окуу процессии 10-сентябрга жылдыруу окуучулардын ден соолугун чындоосу менен байланышканы үчүн министрлик КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын демилгесин колдоду. Билим берүү министрлиги депутаттардын сунушун кылдат изилдеп чыгып, коомдук пикирди изилдөө жана болжолдоо «Эл-пикир» борбору аркылуу аны кеңири талкууга алып чыкты. Албетте, бул маселенин тегерегинде кайчылаш сын-пикирлер көп жаралды, бирок негизинен көпчүлүк бул жаңылыкты туура кабыл алды. Акыркы жылдары климаттын өзгөрүшү байкалып турат. Майдын аягына чейин күн салкын болуп, сентябрдын башында күндүн ысыгы жайындагыдай болуп, балдардын окуусуна ынгайсыздык жаралат. Биз бул маселени балдардын ден соолугу менен байланыштырабыз, анткени, баланын билим алуу сапаты анын ден соолугунан көз каранды. Негизинен балдардын жайкы эс алуусуна кошумча күндөр кошулуп, ден соолугун чыңдоосуна шарттар түзүлөт.

– Кыргыз тили, адабияты сабактарын кыскартуунун себептери эмне?

– Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Талкуудан өткөн 2018-19-окуу жылынын базистик окуу планында кыргыз тилин окутууга каралган сааттардын жалпы саны эч кандай өзгөрүүсүз калды. Ушул эле учурда, жаңы окуу стандарттарына жана базистик окуу планынын концепциясына ылайык, 5-6-класстарда окуу предметтерин окутууда синхрондоштуруу жүргүзүлдү, жаңы окуу жылынын башынан тартып колдонуу үчүн окуу-методикалык комплекстер, окуу программалары иштелип чыкты. Мектеп бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестирлөөгө сапаттуу даярдоо максатында окутуу орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин мамлекеттик тилинин 1 сааты жана окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин кыргыз тилинин 1 сааты 6-класстардан 11-класска астрономия жана физика предметтерин интеграциялоонун эсебинен которулду.

– Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу боюнча иштер аткарылабы?

-Учурда атайын 14 мектеп-интернатында жана 4 жалпы билим берүү мектебинде 2168 бала билим алып, 15 атайын бала бакчада 1677дей бала тарбияланып жатат. Көпчүлүк балдар мектепке чейин квалификациялуу адистердин жардамын өз убагында алып, өзүнүн окуусун жалпы билим берүүчү мектептерден (коррекциялык эмес) улантса болот. Бул максаттарда Борбор Азиядагы Евразия фондунун колдоосу менен мектепке чейинки даярдоо үчүн Аламүдүн районунда №1 орто мектепте, Нарын шаарында №7 мектепте жана Ош шаарында №8 Навои атындагы орто мектепте ресурстук борборлор ачылган жана иштеп жатат. Мындан тышкары, министрлик тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн концепциянын долбоорун жана ар бир балага анын мүмкүнчүлүгүнө жараша билим берүү үчүн инклюзивдик окутуу боюнча программаларды иштеп чыгууда.

Айсулуу Эсен кызы

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *