Гүлнара Каримованын уулу апасы тарттырып жиберген байлыктарынын тизмесин жарыялады

Өзбекстандын мурдагы президентинин небереси кенже Ислам Каримов соцтармактарда азыркы президент Шавкат Мирзиёевге кайрылуу жолдоп, апасы Гүлнара тарттырып жиберген активдерди атап берди.

Гүлнара Каримованын активдеринин арасында мамлекетке өткөн «Өзбекстан почтасы», Perfectum Mobile мобилдик оператору, Ташкенттин эң мыкты райондорундагы 98 батир жана башкалар бар.

Тизмеге МДС медициналык борбору, эки жеке клиника, аэропорттогу duty free түйүндөрү, Levi’s, Mango, Benetton бренддери менен иштешкен дүкөндөр, беш ресторан, төрт кинотеатр, эки спорттук жана спа-клуб, 20дан ашык курулуш аянттары, риелтордук компаниялар, мал фермалары, айыл чарба жерлери да кирген.

Кенже Ислам Каримов апасынын мындан башка да бир катар активдери, анын ичинде дачасы соттун чечимисиз азыркы президенттин күйөө баласынын карамагына өтүп кеткенин белгилеген.

Ал Өзбекстандагы Coca-Cola заводу дагы өзбек лидеринин күйөө баласынын башкаруусунда экенин кошумчалаган:

– Атабыз М. Максудинин айтымында, биздин үй-бүлөгө таандык, жүз миллиондогон доллар турган Өзбекстандагы Coca-Cola ишканабыз да сиздин күйөө балаңыздын карамагына өттү.

Ал апасынын бардык байлыгы мамлекетке эмес, жеке колго өтүп кеткенин кыйыткан.

Кенже Каримов «Корзинка» супермаркет түйүндөрүн, Gabus, Paynet жана Ucell бренддерине ээ компанияларды да мамлекет эмес жеке жактар башкарып жатканын жазган.

Каримова опузалап мүлктү менчиктеп алуу, ыксыз сарптоо, кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо айыптары менен түрмөдө отурат. Ал жалпысынан 13 жыл 4 айга кесилген.

Чет элдик телекоммуникация компаниялары менен ири келишимдерине байланыштуу Каримовага карата 2013-жылы Европа өлкөлөрү иликтөөсүн баштаган. Каримова атасынын көзү тирүүсүндө эле камакка алынганы расмий эмес түрдө кабарланган.

Ташкенттеги абакта отурган Гүлнара Каримова президент Шавкат Мирзиёевге кат жазып, казынага 686 миллион долларды кайтарып берүүнү сунуш кылганы февраль айында белгилүү болгон. Бул үчүн ал өзүнө каршы козголгон акыркы кылмыш ишин жабууну өтүнгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *