Гүлшат Асылбашева, ЖК депутаты: “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясын банкрот кылган Жолдош Бектурганов качан жоопко тартылат?”

“”Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясы банкрот абалына жетти. Жетекчилери компаниянын кызматкерлерин акысыз эмгек өргүүсүнө чыгарып жиберишкен. Бирок анын директору Жолдош Бектурганов өзүнө айлык жаздырып, үзгүлтүксүз алып жатат”, – деп билдирди кечээ, 31-майда Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбашева парламенттин отурумунда.

“Авиакомпаниянын коллективинин бир канча жолу арызданганына карабай “Эйр Кыргызстанды” банкротко алып келген директору Жолдош Бектурганов кызматынан алынбай жатат. Мурун авиакомпаниянын 5 самолету бар болчу, анан Жолдош Бектурганов 2010-жылы директор болуп келгенден бери бир да самолету калган жок. Биз “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын гендиректору Жолдош Бектургановдун ишмердүүлүгү текшерилип, юридикалык баа берилүүсүн талап кылабыз”, – деди депутат Гүлшат Асылбашева.

Булак: Кyrgyztoday.кg

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *